www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан өкмөтү сыноо иретинде 1-майдан тарта Ташкент облусунун Бостанлык районундагы суу транспортторуна жана тапчандарга бир жылга салык киргизет. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар жазып чыкты.

Өзбек өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Бостанлыктагы эс алуу жайларында суу транспорттору, суу велосипеддери, карда жүрүүчү унаалар, квадроцикл, дельтаплан жана тапчандар салык алына турчу киреше булагы болуп эсептелет.

Жакын арада салык кызматкерлери Бостанлык районундагы салык алына турган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү эсептеп чыгышат.

Салык эксперименти 2021-жылдын 1-майына чейин уланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости