www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баш вазирликке буудай менен арпанын айырмасын билген, кайракы жер эмне да, сугат жер эмне экенин билген, дыйкандын, малчынын көйгөйүн, анан чечүү жолун көрө алган, бирөөгө жардамчы болуп, кагаз ташыган офис "работник" же чет тилин билген кадрлар эмес, чарбаны түшүнгөн адам келмейин, өкмөттө туруксуздук жагдайлар боло бере турганын турмуш өзү көрсөттү.
Бир нерсе болсо эле тил билет экен, кыйын кадр экен дейбиз, тил билсе тышкы иштер министрлигине же дагы башка жерлерге иштесин, пайдасы көбүрөөк тийген. Эгер максат тил билген эле кадр болсо, анда өкмөткө жалаң лингвисттерди, котормочуларды топтоп алалы аткаруу бийлигинин курамына, англис, кытай, немис тилдерин билгендерден... Андай болбойт, тил билүү менен батыштан окуу жайды аяктоо, өкмөттүн иштерин алдыга жүргүзө албай тургандыгын жашоо өзү айкын кылып далилдеди! Биздин өкмөткө, биздин мамлекетке чет тилин эмес, элдин дилин билген кадрлар жетишсиз болуп турганы оркойуп ортого чыгып калды.
Кыргыз саясатында көпчүлүк учурларда өкмөткө убакыт берели, эми эле келди, иштер менен таанышсын, көнсүн дейбиз, ал жер эмне тажрыйба топтоп, экспримент жүргүзө турган жер беле? Башбакан болчу адам бышкан кирпичтей дапдаяр болуп келүүсү керек, өкмөттүн бардык тепкичтерин басып өтүп... Тилекке каршы андай болбой келүүдө...
Биздин өксүгүбүз туура эмес кадр саясатында!
Мырзахит Мырзаев
Булак: NazarNews.kg