www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын жаштар канатынын лидери, партиянын активдүү мүчөсү Мырзахит Мырзаев партиядан кетти. Бул тууралуу ал расмий кайрылуусунда маалымдады.

Лидер буга чейин чындыкты туу тутуп келген партиядан кетүү оор болгонун белгилеп, төмөнкүдөй билдирүү таратты.

“Урматтуу достор! Кээ бир себептерден улам “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан өз каалоом менен кеткенимди билдирем. Бирок чындык, адилеттик үчүн болгон күрөштөн жарым карыш да артка чегинбейм!

ПыСы: Чындык, принцип, идеологиялык баалуулуктар деп кошулган партиядан кетүү тууралуу чечим кабыл алуу мага өтө оор болду. Бирок азыркы абалдагы эң туура чечим ушул деп ойлойм. Мен эч качан абийириме каршы барган эмесмин. “Бүтүн Кыргызстан” партиясындагы ар бир мүчөгө, жалпы тааныгандарга мамилем сый бойдон калат”, – деп жазган партиянын мурдагы мүчөсү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости