www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандан кылгылыкты кылып туруп, кылмыш жоопкерчилигинен качып, өлкөдөн чыгып кеткендер өздөрүн айга күнгө теңетишип, ар кандай соцтармактардан, гезит, сайттардын үзгүлтүксүз каармандарына айланып алышты. Бирок, кылган кылмышы үчүн эртеби-кечпи жооп берүүгө туура келээрин, эл мүдөөсүн орундатууга бийликтин аракети күчүндө экенин көргөн соң куйруктарын кыпчып калган өңдүү.

Маселен, Мелис Мырзакматовдун Кыргызстанга келээрин шардана кылып жазып чыккандар акыркы кезде үн-сөзсүз жоголушту. Мырзакматовду апендинин кызындай мактагычтар өз «эмгектери» менен элдин кабыл алуусун байкап көрөлү дешкен го. Эл эбак жеп, ичип, өздөрүн учурунда хан сезип, манаптык «замашкалары» менен жадаткандары эле жадырап күтүп аткансып…

Арийне, Мырзакматов өңдүүлөр келгиси келсе жамы журтка ана келет, мына келет менен жарыя кылбай эле келе бербейби. Же дагы да болсо элдин атына жамынып, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнү мелжеп жатышабы?

Булак: "Де-Факто"

Последние новости