www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Убакыт деген дарылай турган нерсе. Мырзакматов Ош шаарында мэр болуп турганда башка кыргызстандыктардын көзүн кычыштырып, президент Атамбаевге карабай Ош шаарынын бюджетинен айлыктарды көбөйтүп, элге көп жакшылыктарды алып келген. Ошондон улам Атамбаев башында турган бийлик ага тишин кычырата баштайт, аларга айтканын «ляппай» деп уккан мэр керек эле. Ачып, кѳздʏ - жумгуча арадан сегиз жыл убакыт ѳтʏп кетиптир. 2014-жылы 15-январда бийликти узурпазициялап турган АША, Жантѳрѳ Сатыбалдиевдин алдым-жуттум ѳкмѳтʏнѳ таянып, ошол мезгилдеги вице -премьер – министр Тайырбек Сарпашевди баш кылып, биринчи вице – премьер Аалы Карашевди тѳш кылып, Ош шаарында «карателдик» «Барбаросс» операциясын баштап киришкен. Учурда Аалы Карашев депутаттык үчүн ат салышып жаткан, ал да талапкердигин алып салды.

Бул операциянын эӊ башкы максаты ошол мезгилдеги Ош шаарынын мэри, бʏткʏл кыргызстандыктар туу тута баштаган Мелис Мырзакматовду кандай кʏч болсо да жыгып тʏшʏʏ болгон. Бул «Барбаросс» операциянын ана башында, Владимир Путиндин алдында тизеси жыртылып, бʏтʏп «ремонттоо ʏчʏн» «дайым даяр» турган, 2011-жылы элди алдап президент болуп,элдин ʏмʏтʏн актабай, эл алдында шагы сынып турган Алмаз Атамбаев турса, анын жанында кайсалактап, «Кумтѳр» алтын кени менен Мелис Мырзакматовду жыгуудан бир нерсе ʏмʏт кылып турган Жантѳрѳ мырза турган. Ал кийин кол жоолуктай ыргытылды. Бул операция кылдаат иштелип чыккан соӊ, аткаруучулар Тайырбек Сарпашев, Аалы Карашев сыяктуулар ашуу ашып, Ош шаарына кирип келишет. «Барбаросс» операциясынын башкы максаттары:

1.Кандай кʏч болсо да ал кездеги Ош мэри Мелис Мырзакматовду алып тʏшʏʏ.

2.Мелис Мырзакматовдун ордуна учурунда Убактылуу ѳкмѳткѳ сый кѳрсѳтѳ алган, ага жакын адамды таап, ордуна коюу.

3.Кʏч органдарын биримдикте Мелис Мырзакматовго каршы тукуруу.

4.Легитимсиз шайлоо ѳткѳзʏп, бийликти жактаган Ош кеӊешинин депутаттарын бирдиктʏʏ форма кийʏʏгѳ мажбурлоо.

5.Мелис Мырзакматовду колдоп келген «Улуттар Биримдиги» партиясын алсыздандыруу.

6.Мелис Мырзакматовду колдоп келген «Улуттар Биримдиги»  партиясын жапырт иликтеп, сатып алчуларын сатып алуу.

Шайлоо болоор алдында бул операцияны ишке ашыруу башталат. Убактылуу ѳкмѳттʏн учурунда Ош облустук мамлекеттик администрациясынын убактылуу башында турган Жээнбековду желкесинен алып, кѳчʏккѳ тээп, кубалап чыккан, ашынган атамбаевчил Айтмамат Кадырбаевди Ош шаарына мэр болууга ошол мезгилдеги вице-премьер, азыркы мезгилде, Осмонбек Артыкбаевге бутунан жыгылып, бирок кара беттикке салып легитимсиз биринчи вице-премьерди алып жʏргѳн Тайырбек Сарпашев жашыруун кѳрсѳтѳт. Аны 2011-жылы президенттик шайлоодо: «Атамбаев ʏчʏн тост кѳтѳрбѳгѳндѳргѳ ѳлʏм!»- деп, Ташиевке каршы, Оштун губернаторлугунунан биринчи вице – премьерлик кызматка кѳтѳрʏлгѳн Аалы Азимович кош колдоп колдойт. Атамбаевдик алсызданып бара жаткан бийликке таянышкан, бийликтин бул эки «карышкыры» Кадырбаевди мэрге кѳндʏрʏʏ менен, Ош облустук жана шаардык кʏч органдарын Мелис Мырзакматовго каршы тургузууга аракеттерин баштайт. «Сѳѳк ыргытып койсо…» баса калган, элди ыйлатып, сѳѳк баса калгандыгы ʏчʏн сыйлыкка генералдык кызыл лампас тагынып алган ал кездеги Ош милициясынын жетекчиси Сʏйʏн Өмʏрзаков «май жыттанган» булардын колунан кантип артка тартсын. Анткени, Мелис Мырзакматов менен кʏрѳшʏʏ бир гана генералдык погондорду эмес, Атамбаевдик, Сатыбалдиевдик бийликтин эӊ «таттуу токочторун» берип жатпайбы. Бул бул ʏчʏн Мелис Мырзакматов башында турган «Улуттар Биримдиги» партиясын гана алсыздандырбай, жетекчилери жʏгʏнʏп турган СДПК партиясына каршы чыга турган бардык партияларды жʏгʏнтʏʏгѳ даяр турушпайбы? Бийликтин бир учун чоюп турган «Ата - Мекен» партиясынын «ʏзʏлгѳн жʏгѳнʏ» 2010 –жылдын 7 -8 апрели менен кошо аса байланган. Ошол эле ʏчʏнчʏ партия, «Ар-Намыс» партиясынын ар-намысы 2000-2005-жылдары Феликс Кулов менен кошо кѳмʏлʏп, «Москва» - дешип ураан чакырган орусчулдар менен ѳзбек сепаратисттерине таянган бул партия убактылуу бийликке келгендигине  эрдемсинип турган. Ал эми жаӊы уюшулар менен Ош шаарынын кеӊешинде шайлоодо СДПК, «Ата-Мекен», «Республика» сыяктуу партияларды там сʏздʏрʏп, ѳзʏ жалгыз келбей элдик партияны ээрчите келген «Улуттар Биримдигинен» эмне ѳѳн тапмакчы? Бул партияны кысмакка алган бийлик, кызмат ʏчʏн «Улуттар Биримдигинин» жугундусун челип жʏргѳн Жаныш Рустенбековдун кызынан артка кеткис мʏчʏлʏштʏктѳрдʏ табат. Акаевдин заманынан бери алкы бузук кызматтарда иштеп тойбогон, учурунда сантехник Атамбаевди райисполкомундагы май-талкандуу орунга коюп, кызматка илээлештирген Жаныш Рустенбековдун алкы бузук кызы Эсеп палатасында эсеби жок алкы бузуктукка барып, «кылдын учунда» болчу, аны куткаруу ʏчʏн бир гана жол кʏтʏп турган. Ал ʏчʏн Жаныш мырза жан – дили менен «Улуттар Биримдигин» сатыш керек эле? Жаныш Рустенбеков мындай жʏзʏ каралык операцияга барууга дайым даяр турган, бирок, элчини кѳздѳгѳн Рустенбековдун бул кадамын «Улуттар Биримдиги» партиясында ак да, кѳк да делген жок. Ошондой эле, «Улуттар Биримдиги» фракциясы колду аз топтош ʏчʏн министрге орун басар болуп кетишкен партиялаштар чыкты. Ушул заманда саткычтарды ким колдойт? Бир гана Атамбаев сыяктуу акыркы сааттарын санап жаткан, «оорулуу» - деген медициналык справкасын кайсы кʏн болсо да кѳтѳрʏп чабууга даяр турган ашачыл ѳкмѳт башчылары, Тайырбек Сарпашев сыяктуу ѳз жʏзʏн биринчи вице-премьерге алмаштыргандар  эл саткычтарды колдошу мʏмкʏн эле.

2015-жылы Атамбаев Мырзакматовдун үстүнөн кылмыш ишин козгоп жети жылга сырттан соттоп жиберген. 2020-жылдын октябрындагы бийликтин алмашуусу менен соттуулугун жойгон "Улуттар биримдиги" партиясынын төрагасы Мелис Мырзакматовдун чекеси шайлоо алдында көрүнө баштап, Ош кеңешине болгон 2021-жылдын жайында кайра шайлоодо алдыга оозуп чыккан. Парламенттик шайлоого "Улуттар биримдиги" партиясынын аттанышы бир топ саясий партияны түйшөлтүп, электоратымды тартып алабы деп ойлонтуп койду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости