www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мырзакматов Ош мэрине аттанышы мүмкүнбү?

Шайлдабекованын шайы ооп турса да Ошко шайлоону апрелдин он экисинде өтөбүз деп электоратка чөгөлөп отурат. Шыбышка караганда ар бир парламенттик лидерлер Ошко мэр кылып өз кишилерин койгон жатыптыр. Бирок, азыркы электоратты жарып өтө турган мэр табыла алабы? Көпчүлүгүнүн көңүлдөрү кайрадан Ошко мэр болуп келсе деп Мелис Мырзакматовго бурулуп жатыптыр. Мелис Мырзакматов өткөн шайлоолордо Ош Шаардык Кеңешине добуштардын көпчүлүгүн алып келген. Бирок, өткөн Ош Шаардык Кеңешине болгон шайлоодо анын мойнуна чалма ыргытылган. Андан мурун 2014 –жылы 15-январда Ош шаарынын мэрин алып бериш үчүн Атамбаев тарабынан жөнөтүлгөн «десанттар» Аалы Карашев, Тайырбек Сарпашев сыяктуулар Ош Кеңешинин Мырзакматов үчүн туруп бербеген ар бир депутаты менен жекеме -жеке сүйлөшүп, паралоочусун паралап, «аралоочусун» «аралап», ар бири сатып кетпесин деп окшош кийим кийгизип, Оштун мэрин кыстоо менен Мелис Мырзакматовдон тартып алып Кадырбаевге алып берген. Ак үйдү жал-жал караган Кадырбаевдин кадыры нөлдү карап эстакаданы кура элек жатып кээ бир жерлерин жарып, экинчи көпүрөнү ашасам дегенде эки көзү төрт эле, бирок аны  ошол кездеги бийлик «иттен чыгарып» Бишкекти көздөй айдап жиберген. Ошол бойдон Кадырбаев дайынсыз элге сиңип кетти.

Ошол кездеги бийлик Мелис Мырзакматовдон Ош мэрин тартып алган соң, анын үстүнөн кылмыш иштерин козгоп, 7 жыл менен бутун тушап койгон. Өткөн Ош Кеңешине болгон шайлоодо Мелис Мырзакматовдун бутуна кишен салып койгонуна эрдемсинип, «Улуттар Биримдиги» партиясынын бутун да биротоло тушап, Ошко жакшы мэр издеп жүрдүбү же ислам дини шариаты менен тыюу салган жинди суудан колу бошобой жаттыбы, ал кезде СДПК лидери БШКга бышкырып койгон жок да, өз партиясына Ош шаардык Кеңешине жол ачып берген.

Мелис Мырзакматов куугунтукталган бойдон кала берген. Бүгүнкү 12-апрелде боло турган шайлоодон кийин Мелис Мырзакматовдун Ош шаарына мэр боло турган шансы канча?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости