www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандагы эң эле суук, кышы ызгаар, климаты катаал аймак бул- Нарын облусу. Анан ушундай суукта электр жарыгы жок калууну элестетип көргүлө. Мындай мүшкүл Бишкектиктердин башына 2018-жылдын 26-январында түшкөн. Анда Бишкектин жылуулук электр борборунда авария болгон эле. Кыраандай чилдеде миңдеген адам жылуулуксуз калып, тирүүлөй тоңуп кала жаздаганы дале эсибизде.
Ал эми Нарында көбүн эсе тургундар электр жарыгына көз каранды. Электр энергиясы менен тиричилигин кылышат. Кечээ Нарын шаарында абанын температурасы -16,4 градуска чейин төмөндөгөн. Анан кантип мындай кырдаалда электр жарыгын өчүрүп салуу керек эле? Көрсө, анын себеби, Нарын шаарына келүүчү чоң чыңалуудагы чубалгылар иштен чыгыптыр. Нарындын катаал шартын эске алып, ошол чубалгыларды жаздын келиши менен эле оңдоп-түзөп баштаса болбойт беле?, - деген жүйөлүү суроо туулат экен. Же болбосо жаздан кийин жай, жайдан кийин күз, ошол күзүндө эле тезегиңерди терип алгыла урматтуу Теңир-Тоолуктар, электр жарыгы өчүп калышы мүмкүн деп элди даярдап алса болот беле?
Булак: NаzarNews.kg