www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Кыргызстандын ЖОЖдорунун ректорлору Бириккен Араб Эмираттарынын Билим берүү министри Хусейн бин Ибрагим Аль Хаммади башчылыгындагы делегация менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууда 2019-жылдын 12-декабрында президент Сооронбай Жээнбековдун БАЭге жасаган расмий иш сапарында кол коюлган эки мамлекеттин Билим берүү жана илим министрликтери ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы кызматташтык жөнүндө меморандумду ишке ашыруу маселелери жана тараптар эки мамлекеттин билим берүү жана илим изилдөө институттарынын билим берүү, илимий-техникалык мамилелерин өнүктүрүү, тажрыйба алмашуу, академиялык мобилдүүлүк, биргелешкен изилдөө топторун түзүү суроолорун
талкууланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости