www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биз сүйүп жасаган жумуш ооруну да айыктырып ийет.
(Уильям Шекспир)
Эгер адам колунан келген кызматка отурса, анын артыкчылыктары көрүнөт. А эгер колунан келбеген кызматка отурса, кемчиликтери көрүнөт.
(Илья Шевелев)
Нанды колуң менен деле иштеп тапсаң болот. Ал эми нанга сүйкөп жей турган майды табыш үчүн баш керек.
(Дмитрий Нагиев)
Ар кандай ишти чыгармачылык менен жасаса болот.
(Сергей Довлатов)
Жетектөө – бул жакшы адамдардын иштөөсүнө жолтоо болбоо.
(П.Капица)
Иши жок киши баардык ишти жасай алат.
(Станислав Ежи Лец)
Иштин эң кыйын бөлүгү – аны баштоо.
(Габриэль Лауб)
Эгер баканы жегенге туура келсе, аны эртең менен жеш керек. А эгер эки бака жегенге туура келсе, чоңунан башташ керек.
(Марк Твен)
Бир айлык эс алуу эмне үчүн берилет? Кызматкер ал жок деле иш жүрө берерин билсин үчүн.
(Луи Фортен)
Колу менен иштеген киши – жумушчу, колу менен да, башы менен да иштеген киши – кол өнөрчү, колу, башы, жүрөгү менен иштеген киши – өз ишинин чебери.
(Луис Найзер)
Кардар сенин ишиңе канааттанып гана тим болбостон, ыраазы да болгондой болсун.
(Майкл Делл)
Начальнигинин таманын жалаган киши кол алдындагыларга орой мамиле кылат.
(Николай Александрович Добролюбов )
Начальниктин кабинетине киргенде мурдуң босогого тийип кетпегендей болуп кир.
(Лешек Кумор)
Жаман дыйкан жерин отоо чөпкө бастырат, жакшы дыйкан күрүч өстүрөт, акылдуу дыйкан кыртышты оңдоп, жерди семиртет, алысты көрө билген дыйкан жер иштете турган кишини тарбиялайт.
(Жапон накылы)
Акыл ишинде жумушсуздук болбойт.
(Константин Кушнер)
Эң кыйын жумуш – акча чыгарган жерде иштегендердики. Күн сайын уучтап акча кармап, бирок үйүнө алып кете албаса...
(Стас Янковский)
Ток киши ач кишиге дос болбойт, кожоюн гана боло алат.
(Иван Иванюк)
Иш сулуу кызга окшош: ал күткөндү жактырбайт.
(Габриэль Сидони Колетт)
Биз өзүбүздүн баабызды жакшы билебиз. Ал дайыма биздин айлык маянабызга салыштырмалуу жогору.
(Даниил Рудый)
Иштеген ишиң кызыктуу болсо, көргөн түштөрүң да кызыктуу болот.
(Белгисиз автор)
Узак мезгил 8 сааттан иштесең бир күн эмгегиң бааланып, кызматыңан жогорулап, күнүгө 12 сааттан иштей башташың мүмкүн.
(Роберт Фрост)
Келесоо акылдуу үчүн, акылдуу өзү үчүн, даанышман болсо жалпы эл үчүн иштейт.
(Н.Векшин )
Колунан башка нерсе келбегендер иштей беришсин.
(Аркадий Давидович)
Эмгекчил аары ачуу гүлдөн да таттуу бал жыйнай алат.
(Максим Богданович)
Булак: Азия News гезити