www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Раданын экс-депутаты Илья Кива Батыш Украинада Польшага кошулууга даярдыктар башталганын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, Киев Европадан алган курал-жарактарды колдонуу стратегиясын өзгөрттү.
Азыр алар согуш жүрүп жаткан аймакка жеткирилбей, өлкөнүн батышында калууда.
Ошентип, ал жерде коргонуунун жаңы линиясы түзүлүп жатат, анын аркасында бул аймакты Польша менен бириктирүү боюнча саясий максатка жетүү мүмкүн болот, деп эсептейт мурдагы парламентарий.
«Бул бөлүнүү жана борбору Львов болгон «батышчыл Украинаны» түзүү алдындагы биринчи этап. Кийин референдум аркылуу Польшага кошулуу», - деп жазды Кива.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg