www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөнү калыбына келтирүү үчүн кеминде 600 миллиард доллар талап кылынат деп эсептейт. Анын айтымында, кеп «инфраструктуралык объектилерди, турак жайларды жана ишканаларды калыбына келтирүү жөнүндө болуп жатат.
Апрель айынын ортосунда Украинанын президенти өлкөнү калыбына келтирүүнү 550 миллиард долларга баалаган.
«Буга чейин мен 600 миллиард доллар жоготуу жөнүндө айтып жатканмын, биз талкаланган нерсенин баарын калыбына келтире алабыз, а силер бизге калыбына келтирүүгө жардам бере аласыңар. Бул мүмкүнчүлүктү өз компанияларыңыз үчүн колдонуңуз, Киевде кеңселерди куруп, Украинада компанияларды ачыңыз, ошондо сиз Европадагы эң чоң 40 миллиондон ашык рынокко кире аласыз», - деди Зеленский.
Анын айтымында, бул болжолдуу гана сумма. Ал ошондой эле батыш компанияларына өлкөдө иштөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү убада кылды.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg