www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан эмес Евразия чөлкөмүнө Талгарбеков жер реформасы жана «Элдик парламент» менен таанымал. Жаздын күнү бүрдөп, гүлдөгөн Талгарбековдун «Элдик парламентинен» шымын булгап алган 2016-жылдагы президент Атамбаев, аны май айында Сталинче каматып салган. Сталин: «Адам бар, проблема бар, адам жок, проблема жок» -деп же каматып, же аттырып салчу. Өлкөбүздө Коомдук кеңеш түзүлдү, бирок эмки бийлик Атамбаевче “шымын булгап” алган жок, ошондуктан буларды каматуу жөнүндө ойлогон да жок. Демек 2016-жылда жазында түзүлгөн “Элдик парламент” сыяктуу Ак үйдү катуу чоочуткан жок. Анткени, бийликке шайтан сыяктуу оппозиция түзүлсө эле тең төрага боло калчу Исмаил аке төрдө отура турган маалы келди эле дешип күңкүлдөгөндөр бар. “Тентекбай” Жоошбаев май айында магдыратып, элди жоошутпай, “Кавказ ламбадасын” бийлеп так секирип туруш керек эле.

Бул кыймыл камалбашы бышык, азыркы УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев жапжаш, суйкайган кезинде Бекболот Талгарбеков Жалал-Абад облусун оодарып, ой-да “катта” гүбүрнатыр болуп турган. Гүбүрнатырдын көзү Камчыбек Ташиевге түшүп калганбы, же Камчыбек Ташиевдин көзү Талгарбековго түшүп калганбы, эптеп экөөнүн ымаласы дурус. Кез-кезде Камчыбек Ташиев жаш кезин эстеп Талгарбековго куш тилиндей кат жазып жиберет.

Камчыбек ТАШИЕВ, УКМКнын жетекчиси:

 “Менин улуу устатым – Бекболот Талгарбеков!

Ар бир адам өзүнүн өмүр жолунда, турмушунда, кесибинде, саясатта бир нече устатты тааныйт, билет. Менин турмуштагы, саясат жолундагы улуу устатым – Бекболот Талгарбеков. Ал кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсан, мыкты адам, чыныгы реформатор, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер.

Тээ 1997-жылы, мен Орусиядан жогорку окуу жайын бүтүрүп келип, жаңыдан элге аралаша баштаган элем. Ал кезде Талгарбеков Жалал-Абад облусунун губернатору экен. Ушул жалган жашоодо өмүр жолума адамгерчилиги бийик ушундай залкар инсанга жолуктурган Кудайыма ыраазымын! Мына ошол убактан бери мага турмуштук сабагын берип, ишимди туура жолго багыттап келе жатат. Менин жашоомдогу ийгилигиме, саясаттагы жетишкендиктериме Бекболот агамдын көрөгөчтүгү, чыдамкайлыгы, терең акылы жана адилет сыны себепчи болгон. Ал эми бул кишинин билимин жана тажрыйбасын, күч-кубатын дагы да колдонобуз, буюрса. Биздин бийик максаттар айкын, изги ниеттерибиз бекем, аларды аткарууга убакыт бар, а устатымдын күч-кубаты жетиштүү...

Урматтуу Бекболот Талгарбекович! Эл-журтум, мамлекетим деген асыл ой-максаттарыңыз, аруу тилектериңиз ишке ашып, көп жашаңыз!»

Кыргыз оппозициясы 2014 – жылдын апрелинде акыркы ирет онтоп алып чээнине кирген. 2016-жылдын жазында Атамбаевдик бийликке каршы талпынып Талгарбеков чыгат. Ушул жылдын апрель айында түзүлгөн “Элдик парламент” зилзала болуп жер силкинген сыяктуу, көз ачып жумгуча эл алдында кадыр таап, ал мезгилде сагынып калган оппозициянын тирүү экенин билгизип, Атамбаевге сөөмөй кезеп турду. Жүрөгү оозуна тыгылып, чоочуп кеткен Алмазбек Атамбаев  “Элдик парламенттин” артында чет элдик атайын кызматтардын генералдары турат деп жеңил ушагын таратып,Бекболот Талгарбековго кара пиарын айдай баштайт. Кайсы өлкөнүн атайын кызматтарынын генералдары турганы тууралуу эч маалымат болгон эмес. Анткени, бул жерде чындык жок болгон. Атамбаевдик бийликке каршы чыккан “Элдик парламент” элдин үмүтүн жандандырып, кырдаалды Атамбаев менен Темир Сариев ойлогондой жагдайга бурбай, тескери бура баштаган.

Коомчулук Бекболот Талгарбековдун Атамбаевдик бийликке бетме-бет чыкканына колдоо көрсөтүп, Акаевдин заманында бийлик чөгөлөтүүгө Аксы окуясы кандай таасир этсе, Атамбаевдин заманында анын жүрөгүнүн үшүн алган “Элдик парламент” болду.

 Ошол мезгилдеги өкмөт башчысы Темир Сариев, Ички Иштер министри Мелис Турганбаев Атамбаевдин отставкасын талап кылган “Элдик парламенттин” артынан шимшилей баштайт. Алардын шимшилегенин тоготпой Бекболот Талгарбеков Атамбаевдик бийликке каршы ачык согуш ачып, май айында Атамбаевге каршы күчтөр менен жалпы элдик форум өткөзүп, 2016-жылдын 17-майында митинг болорун жарыялайт. Шиши толгон Атамбаевдик бийлик  түнү уктабай, ойгоо турса Талгарбеков оюнан чыкпай, “Элдик парламенттин”  тагдырын камак менен чечмей болот.  Форумдун лидерлери Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев, Марат Султановду артынан куугунтуктаган Турганбаевчи жалаакорлор жалаа жаап камакка алышат. Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев “Элдик парламенттин” лидерлери болсо,  Марат Султанов “Элдик парламенттин”  кагазын юридикалык жактан бүтүргөндүгү үчүн айыпка жыгылып, бийликти зордук - зомбулук менен басып алгысы келгендиги үчүн камалышат. Элди эмнеге кармаганын шекшибеш үчүн соцтармактардан жасалма сүйлөшкөндөрдүн аудиотасмаларды тарата баштайт. Эл тарабы  аудиотасмалардагы “Элдик парламент” өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүн даңазалап жазса, Атамбаевдик бийлик тарабы чийки май жегенсип, аудиотасмалардан мүчүлүштүктөрдү шимшилеп издешип, “Элдик парламенттин”  тамырын тезинен кыркып жок кылууну көздөшкөн. “Закон подлости” же бумеранг деп койот, учурда ар кимдин артынан жалаа жаап каматып койчу Атамбаев өзү камалганы менен, ошол кездеги өкмөт башчысы Темир Сариев темир канатын жайып жүрөт. Атамбаев кеткени, акыйкаттык калыбына келип Бекболот Талгарбеков “Элдик парламенттин” лидерлери баштаган топ өз баасын алып, камактан бошотулган.

51 адамдан туруп, анын теңтөрагалары болуп белгилүү саясатчы, реформатор Бекболот Талгарбеков түзгөн жаңы кыймыл чайпалабы же жайкалабы убакыт көрсөтөт...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости