www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«30 жылда 31 премьер-министр, алты президент алмаштырып жүрүп ушул акыбалга келдик», - деди бүгүн, 18-июнда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Надира Нарматова.

«Катуу айтса капа болосуңар ЖКнын депутаттары! Ойлоп көргүлөчү. 30 жылда 31 премьер-министр, алты президент алмаштырып жүрүп ушул акыбалга келдик. Эч ким, эч нерсеге жооп берген жок. Талап, тоноп, мамлекетти талкалап, ар тараптан кризиске кептелип, сызга олтургузуп кетишти. Экономикалык, социалдык, руханый жактан эле эмес, саясый жактан да кризистебиз. Айыл чарбасын, электр энергия, транспорт курулуш, саламаттыкты сактоо, эл агартуу, маданият, экология ж.б. бир ийгилик жараткан, канааттандырарлык тармагыбыз жок. Ушундай акыбалга келишине Өкмөттөрдү шапке алмаштыргандай алмаштырып келген Жогорку Кеңештин опол тоодой күнөөсү бар. Партиялык фракциялар, көпчүлүк коалиция качып кайда барасыңар. Бул тарых. Мамлекеттин ушундай кризиске кептелгенине ЖКнын күнөөсү моралдык жактан кечиримсиз күнөө.

Өкмөттүн курамына татыксыз кадрларды сунуштап жүрүп ушундай акыбал болду. Кимдер гана айыл чарба Министри болбоду. Ошол талап кылган каналдарды куруп, суу менен камсыз кылганга ким тоскоолдук кылды. Дөдөбайдын баарын алып барып, Айыл чарба Министри кылып жөнөткөн ЖК эмес беле. 10 жылдан бери ЖКнын көпчүлүк коалициялардын айынан Өкмөттүн курамынын, аткаруу бийлигинин бактысы ачылбай койду.

Бүгүнкү кырдаал бир Марипов Улукбек Асамидиновичке байланып калган жок. Жардам бергиле Жогорку Кеңеш. Мына эми Конституциянын негизинде жоопкерчилик коюлду. Аткаруу бийлиги оюнчук эмес. Сындаган жеңил. Сүйлөп коюп, жоопкерчилик жок отура бергенди токтотуп, бюджетти толтурганды ойлогула. Жардам бергиле. Эл өкүлү катары жер жериндеги жергиликтүү бийликтердин өкүлүнөн, тармактык жетекчилердин жорпкерчилигин жергиликтүү кеңештердин депутаттары менен биргелешкен отурумдарды өткөрүп, жеринен көзөмөл кылып, бюджетин чечип берип жардам бергиле. Мыйзамдардын аткарылышын, бюджеттин пайдаланышын карагыла. Маселе чечүү - бюджетке байланыштуу. Тешик бюджетти кабыл алышты. Аяка тартса башына жетпеген, башына тартса аягына жетпеген бюджет. Аткаруу бийлиги туруктуу үч жылдан кем эмес иштегенде, баштаган иштердин жыйынтыгы чыгат.

Ошондуктан, союздун мезгилинде беш жылдык план милдеттенме, программа кабыл алынган. Мүмкүнчүлүк берип, ар тараптан колдоп иштеткиле. Туруктуулук болсо, жыйынтык болот. Аракеттери Кудайга шүгүр. Тылтыйып, уүрулук кылып олтургандарга да коюн колтук алышып, чыдап олтургансыңар. Алты айда бир топ иштерди жасап жатышат. Чирип калган, токтоп калган аткаруу бийлигине сен күнөөлүүсүң, алты айда бүткөрбөдүң деген туура эмес. Кудайга шүгүр дейли. Бир топ экономикалык, финансалык маселелер алдыга карай жыла баштады. Ар тараптан бюджетке, өзүбүздүн ички аракеттер менен кошумча каражаттар табылып жатат. Убакыт керек, башталган иштердин жыйынтыгы чыгыш үчүн. Казанда болсо чөмүчкө чыгат демекчи, казына курук болсо, кайдагы иш бүтөт. Аракеттердин жыйынтыгы сөзсүз болот буюрса. Үмүтсүз шайтан деген. Жакшылыкты көрүп үйрөнөлү. Кечке эле чукуланып, жамандык издеп, жекече пиар жасаганды токтотолу.

Бир эле Кумтөр маселесиндеги чечкиндүү кадамдар эмне деген чоң маселе. Жылына Кумтөр 17 миллион доллар берсе унчукпай олтурганбыз. Мына 30 жылда болбогон чечкиндүү тобокелчилик кадамды азыркы бийлик жасады. Бир айда эки жолу 44 миң алтынды, 40 миллиондон ашык долларга алтынды улуттук банк аркылуу сатып, бюджетке киреше кирди. Буюрса Кумтөр маселеси акыр аягына чейин иш жүзүнө ашып,мамлекеттин колуна толук өтө турган болсо болжол менен бир жылда 500 миллион доллардан ашык алтындан киреше ала турган болсок, бул эмне деген көрсөткүч болот. Буга мисал кече эле Президент Кумтөргө барып, көзү менен көрүп, абалга ынанып, Нарын облусуна керек болсо акырындап Кумтөрдүн эсебинен ар бир облустка өнүктүрүү фонддорун ачып, экономикалык, социалдык муктаждыктарды чечебиз деген пикирин билдирди. Кумтөр боюнча түзүлгөн 2012-жылы депутаттык комиссиянын чечимин 35 депутат колдогон. Калган ЖК 67 депутаты чыккынчылык кылышкан. Кумтөрдү колдоп, шарт түзүп беришкен. Сүйлөгөндө колдоп, добуш бергенде каршы добуш бербегенде Кумтөр маселеси ошондо чечилмек. 8 тонна алтын өзүбүздө калмак, экологиябыз ушунчалык акыбалга келмек эмес. Экономикалык кризиске дуушар болмок эмеспиз. Экономикабыз 9 жылдан бери өнүгүү жолуна түшмөкпүз. Азыр мына чечүүчү мезгил келди. Садыр Жапаров Президентибиз баш болгон Министрлер кабинетине, аткаруу бийлигине колдоо гана керек. Сабыр кылсак, максат кылынган иштер акырындап чечилип, жыйынтык болот. Жооп бере турган, баа бере турган, отчетун ала турган мезгил келет. Жекече мыйзамдуу бир адамдын жоопкерчилиги бар.

Өз күчүбүз менен ар кандай кырдаалдан чыгып, социалдык, экономикалык абалыбыз оңолуп, өнүгүү жолуна түшөбүз. Ал үчүн сабырдуулук керек. Азыркы Кабинет Министрин, аткаруу бийлигин, президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровду баш кылып, баштаган иштерин, кабыл алган Указдарын иш жүзүнө ашырууга депутаттар жардам бергиле. Идеяңарды, сунуштарыңарды, багытыңарды айткыла. Чукулаганды токтотуп. Кырылышып, чукушуп, бир бириң менен согушпай, элге үлгү болгула. Элдин өкүлү болуш үчүн элге күзгү болгула. Эл силерге карап түздөнсүн. Тынчтыкты сактап, митинг деген ызы чууну токтотуп, кет, кет дегенди коюп, ар тараптан колдоо көрсөтөлү. Коррупция менен депутаттар силер да күрөшкүлө. ЖКтин чоң мүмкүнчүлүгү бар. Депутаттык комиссиялардын жыйынтыгын акырына чыгаргыла.Коррупциялык схемаларды ачкыла. Коррупционерлерге адвокат болбой, чындыка тике карагыла. Комитеттер, фракциялар иштеш керек. Коррупциялык схемаларды баарың жакшы билесиңер. Эмне үчүн комитеттерде тармактык коррупциялардын бетин ачып, президентке, аткаруу бийлигине, УКМК, Прокуратурага сунуш бербейсиңер. Байкоочулук позицияны кармап, тымпыйып, эртең кетип кала турган аялга окшобой. Көңүлү келбестин ишин жасап олтурганды токтоткула. 5 күн болсо да мандат менен олтуруп, айлык алып жатасыңар.

Улукбек Марипов туура айтты. Кабминди алмаштыргандан маселе чечилбейт. Улукбек Марипов жаш, иштесе ишке тойбой турган убагы. Жаштарга жол көрсөткүлө,тарбиялагыла. Сындагыла, сындан жыйынтык чыгарат. Такшалат, бышат ошентип күчтүү Кабмин болот. Кубалап жүрүп иштеткиле, мыйзамдарды шайкеш келтирип, колу бутун узартып, бюджетин чечип берип. Биргеликте аракет кылгыла. Бюджет тартыш болсо эки баштуу Кабмин келсе да акыбал ушундай эле болот. Президент, ЖК, Министрлер кабинети ынтымака, биримдике келип биргелешип иштегиле. Бир муштум болуп, бир билек, бир тилек болсоңор иш алдыга жылат. Жогорку Кеңеш-кетерман аялдай даярданып, чочугансып маал–маал, кет-кет деп бакырып койгонду токтоткула!

Өз ара көчө баласындай тирешип, билеги жоондук кылган, зөөкүрлүк сапаттарды үйүңөргө таштап келип, мыйзам чегинде, ЖКтин регламентин сактап иштегиле. Өз ара тил табыша албасаңар, бир бирииңе сый урмат көрсөтө албай, сөгүшүп олтурсаңар, элдин маселесин кантип чечесиңер! Уят, уялгыла! Кудайым бешенеңерге жазылып койгон экен, 5 жыл эмес, 6 жыл олтуруп жатасыңар, Кудайга шүгүр дегиле. Бир жылда 50% депутаттар алмашты. Элге карызыңар өтө көп. Беш күн болсо да, жоопкерчилик менен иштегиле. Колдогула Кабминди. Иштешсин туруктуу. Элге жыйынтык керек», - деп белгиледи экс-депутат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости