www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындан ары Бишкектин борбордук «Ала-Тоо» аянтында милициянын заманбап бөлүмчөсү кызмат көрсөтөт. Ачылыш аземи бүгүн, 18-июнда болгонун Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага ички иштер министри, милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, министрдин орун басары, милициянын полковниги Октябрь Урмамбетов, Бишкек ШИИББдин башчысы, милициянын полковниги Азамат Ногойбаев, ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов катышты.

Бөлүмчө заманбап талаптарга ылайык жасалып, жаңы имаратка алмаштырылган. Анда милиция кызматкерлери шаардын жашоочулары менен конокторун кабыл алып, коомдук коопсуздукту камсыздап, жарандарга өз убагында жардам көрсөтүшөт.

«Милиция кызматкерлери коомдук жайларда, көчөлөрдө, калк көп чогулган жерлерде коомдук тартипти жогорку деңгээлде камсыздап, сапаттуу иштөөсү абзел. Шаардын жашоочуларына жана конокторуна туура сылык мамиле жасап, сапаттуу сервистик тейлөөнү камсыздоо керек», - деди министр Улан Ниязбеков.

Ошондой эле туристтик милициянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн демөөрчүлөрдүн эсебинен алынган 10 электробайк тапшырылды.

Милициянын заманбап бөлүмчөлөрүн эс алуу жайларында, шаардын борбордук бөлүктөрүндө, калк көп чогулган жерлерде ачуу пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости