www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда абадагы зыяндуу заттын 50%ы энергетикага туура келет. Бул тууралуу «жашыл» технологияларды өндүрүүчү жана ташуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууда экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, энергетика тармагына отун жагуучу тармак катары транспорт тармагы кирет.

«Абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттардын 30,8%ы айыл чарба тармагына, дагы 6%дан ашыгыраагы өнөр жайга туура келет», - деди ал.

Иманалиев мындай маалымат өнөр жай тармагы абага зыяндуу заттарды чыгаруунун негизги булагы болуп саналбай турганынан кабар берет деп белгиледи.

«Бирок, ойлоно турган жана үстүнөн иш алып бара турган башка дагы тармактар бар. Энергетика тармагында транспорт тармагы да бар. Кечээ биз абага зыяндуу заттарды бөлүп чыгарууну алдын алуунун альтернативасы катары электромобилдерди жайылтуу маселесин талкууладык. Экинчи бөлүк – көмүр жагуу. Бул ЖЭБдин жана көмүр колдонгон мекемелердин иши», - деди ал.

Министрдин орун басары мамлекет тарабынан өлкөнү жашыл технологияга өткөрүү боюнча анализ даярдалганын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости