www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Коопсуз шаар» долбоорун аткаруучу «Вега оперейтинг компани» жабык акционердик коомунун журналист Улукбек Карыбек уулуна каршы доо арызын канааттандырган жок. Бул тууралуу 24.kg басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, сот журналист тарабынан жарыяланган маалыматтын тактыгын ырастаган.

Компания журналисттен 100 миң сом талап кылып, сотко кайрылган.

Эске салсак, Улукбек Карыбек уулу өзүнүн YouTube-каналында жол эрежесин бузган бир катар аткаминерлердин айып пулу жокко чыгарылганын жазып чыккан. Алардын катарында мурдакы вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков дагы бар. Ал 264 жолу жол эрежесин бузуп, жалган номерлүү унааны айдап жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости