www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Асылбек Жээнбековду колдогондор митингге чыкты

Кумтөр алтын кенин иштетүүдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу камакка алынган Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаровдун тарапташтары бүгүн, 18-июнда Бишкек шаардык сотунун алдына митингге чыгышты. Алардын 300дөн ашык тарапташтары соттон адилеттүү чечим күтүп жатышат. Акциянын катышуучулары депутаттарга каршы саясий куугунтук болуп жатканын айтып, аларды эркиндикке чыгарууну талап кылып жатышат.

Ушул тапта шаардык сотто Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын арызы каралууда. Эки депутат 31-майда «Кумтөр иши» боюнча эки айга камакка алынган.

Бул иш боюнча 2-июнда экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, мурдагы депутаттар Исхак Пирматов, Талант Узакбаев да эки айга камалган. 9-июнда президенттин аппаратынын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Алмазбек Баатырбеков камалган. Баарына тең Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен айып тагылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости