www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Надира Нарматова менен баарлашып, элдин шагын сындырган мамлекеттик кызматтагы адамдар тууралуу ой бөлүштүк.

--Надира эже, кырдаал кыйындаган сайын элди иренжиткен сөздөр менен сүйлөгөн мамлекеттик кызматкерлер чыга баштады. Кечээ эле Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетованын “көп балалууларды жек көрөм” деген сөзү да коомчулуктун нааразычылыгын жаратты. Анын атынан Балбак Түлөбаев кечирим сурады. Ал айымдын мындан ары  коомчулук менен иштешкен кызматты аркалаганга укугу барбы?

--Гуля Алманбетовага Бишкек шаарынын Мэри Азиз Суракматов менен Балбак Түлөбаевдин  күнү түшүп, ээнооз, НПОлор менен жылаңачтарды колдогон, тартиби жок аялдын кеңешине  мөгдүрөп, ал үчүн кечирим сурашканы чыны менен таңгалдырат. Гуля Алманбетова акыркы эки жылда оозуна келгенди оттоду. Социалдык тармакта бир канча жолу элдин талкуусуна түштү. Анын катачылыгы үчүн бирде эскертүү берсе, бирде ал үчүн кечирим сурашат. Жүрөктөн чыккан балит сөзүн айтып, сөгүп коюп, анан тил учунда кечирип койгула деп койсо боло береби? Мындай акмак, өз ордун билбеген кыргыз эмес же орус эмес тарбияда жүргөн аялдын бир миллиондон ашык калкы бар Бишкек мэриясында коомчулук менен тыгыз байланышта болгон кызматта  иштегенге моралдык укугу жок деп эсептейм. Суракматов аны иштен кетиргиси келбесе, мэрия Суракматовдун жеке менчик ишканасы эмес экенин эске алышы керек. Эгер Суракматов Гуля Алманбетованын кызматына таңсык болсо, жеке менчик курулуш кампанияларына алып барып иштетип алсын... Бүгүнкү күндөгү оор мезгилде, өзгөчө кырдаалдар, коменданттык тартип, карантин болуп аткан учурда көп балалуу үй-бүлөлөрдү тебелеп-тепсеп жазганы үчүн кечирим болбошу керек. Сөз айтылдыбы, айтылгандан кийин адам сөздүн кулу болот. Ошондуктан ал балит ооз аялга кечирим жок, сүйлөгөн сөзүнө жооп берип, жок дегенде кызматтан алынышы керек. Ал ашата сөгүп, элди кордоп жазып алып, кайра кечирим сурамыш болуп  отуруп калгыдай ал катардагы жаран эмес. Дагы айтам, ага кечирим болбошу керек. Татыктуу жазасын алып, жок эле дегенде иштен кетиши керек.

--Баса, Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов гумжардам алганы баргандарды “тилемчи” деп айтканы коомчулуктун сынына кабылды. Ал сөз башка максатта айтылган деп  актанганы менен  капаланган элдин пикири өзгөрөбү?

--Чынында өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовдун мындай сөзү сөз баалабаган, сөздүн маанисин өзү түшүнбөгөн, сөз бакпаган, сабатсыз адам экенин билдирип койду. Анткени, "тилемчи"-деген сөздүн мааниси таптакыр башкача. "Тилемчи"-деп атайын ниетин ошого түздөп, көчөдө, мечитте эл көп  жүргөн жерлерде кыдырып, колун сунуп сурап, тиленип жүргөн адамдарды айтат. Гумжардам алууга келген адамдарга акылга сыйбаган осол сөз айтып,  элди капа кылып алды. Жетекчи болгондон кийин сөз экен деп эле сүйлөй бербей ылгап, чактап сүйлөшү керек. Колунда барлар да  гумжардам алууга ашыгып жатса, аны орой сөз менен эмес, башка эле сөз менен айтып, уяткарып койсо болот. Мүмкүнчүлүгү барлар сабыр кылып эптеп жашоону улап тургула. Болгонуна шүгүр кылгыла. Биз мамлекеттин жана ар кандай демөөрчүлөрдүн гумжардамын төмөнкү катмарда жашап жаткан, өзүн өзү каржылай албай калган үй бүлөлөргө жеткирели десе деле эл түшүнмөк. Берген ашын, милдет кылып, гумжардам алгандарды басынтпай. Ошон үчүн кечирим сурашы керек. Анткени, тынччылык мезгилде, тилемчилик кылып, Нурболот  Мирзахмедов сыяктуу жетекчилердин тынчын албай эле, эл жашоосун өзү эле эптеп келет. Өзгөчө кырдаал жаралып, карантин киргизилгени үчүн күнүмдүк тамак-ашын таап жегендер үйдөн чыкпай отуруп калышты. Ошон үчүн гумжардам күткөндөрдүн саны күндөн күнгө жогорулап жатат. Бул сыноо коомдо чындап бай, кембагал, бей-бечера, жетим-жесир, жалгыз бой энелер, кары-картаң, кароосуз калган адамдар, мүмкүнчүлүгү чектелген жардамга муктаж катмарларды аныктап койду. Бул көрүнүш өзгөчө аткаруу бийлигинин өз элинин жашоо деңгээлин аныктап билүүгө, шарт түздү. Ошондой эле бул жагдай статистикалык отчеттогу цифраларды эле каратпай реалдуу жашоодо элде кандай муктаждыктар бар экенин аңдап билүүсүнө шарт түзгөн, көзгө сайып көрсөткөн сыноо, эскертүү болду. Кыскасы, элибизде жардамга муктаждардын көптүгү өзгөчө абал киргизилген акыркы бир айда билинип калды.

--Карантин дагы 15 күнгө узарды. Ушул мезгилди аты жаман дарт ооздукталат деп ишеним артсак болобу?

--Өкмөттүн 15 күндө илдетти ооздуктоого чамасы жетеби, жетпейби билбейм. Бул врачтарга түзүлгөн шартка, илдет менен күрөшүүдөгү иш-аракеттерге байланыштуу болот. Өкүнүчтүүсү аны жуктуруп алгандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ошол эле мезгилде айыккандардын бар экени да кубантат. Эгерде медиктердин койгон эрежени сактап, эл үйдөн чыкпай, бири-бири менен контак болбой үйдө отуруп берсе, варачтарга жардам берген болот элек. Тилекке каршы, күнүмдүк тамак, аш муктаждыктан улам адамдар көчөгө чыгууга аргасыз болуп жатышат.  Көчөгө чыгуу токтобосо, 15 күндө эле бүтүп кетет дегенден алысмын.  Анткени, обсервацияга эле 14 күндөн кем жатышпайт. Ошон үчүн талаптарды туура аткарып, эрежеге баш ийишибиз керек. Укугубузду талашпай, милдетибизди так аткарганга үйрөнүшүбүз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости