www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаров кол койгон протоколду Жогорку Кеңеш "тааныбайбыз" деп тылтыйып олтурушпай, тескерисинче өкмөт менен бирдикте Жогорку Кеңештин отурумунун күн тартибине киргизип, А.Мадумаров кол койгон протокол жөнүндө маселени талкуулап, аны жокко чыгаруу боюнча чечим кабыл алыш керек. "Адахан Мадумаров кол койгон протокол күчүн жоготкондугу, мыйзам түрүндө ратификация болбогондугу, Президент мыйзамга кол койбогондугу, келишим түзүлбөгөндүгү, тек гана протокол түрүндө калган документ боюнча калгандыгы, бүгүнкү күндө атайын күчкө ээ эмес протокол экендиги, 2009-жылы Жогорку Кеңеш протоколду таанып, ратификация болбой, ара жолдо калган протокол экендиги, 275 метр жер тарыхый Кыргызстандын жери экендигин, Тажикстан парламенти да бул протоколду ратификация кылбагандыгын далилдеген, АТАЙЫН РАСМИЙ КАТ ДАЯРДАП, ТАЖИКСТАНДЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН СПИКЕРИНЕ, ПАРЛАМЕНТИНЕ ЖӨНӨТҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ.

Анткени Тажикстан ошол А.Мадумаров кол койгон протоколду таанып, ошонун негизинде иш аракетин жасап жатат деп, Вице-спикер М. Бакиров атайын билдирүү таратты. Рас, Вице-спикер М.Бакировдун айткан сөзү туура болгон болсо, ТААНЫБАЙБЫЗ МАДУМАРОВ КОЛ КОЙГОН ПРОТОКОЛДУ деп олтургандары туура эмес. 2009-жылы стратегиялык жол салынып жаткан мезгилде, жер КЫРГЫЗДЫН ТАРЫХЫЙ ЖЕРИ ЭКЕНДИГИНЕ КАРАБАЙ, ТАЛАШ ЖЕР БОЛУП ТУРГАНДЫКТАН, жолду бүткөрүү үчүн, убактылуу муктаждыкты канааттандырып туруу максатында, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн, тобокелчилик менен кол коюлган протоколду Жогорку Кеңеш жокко чыгарса мыйзам жол берет. Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаров кол койгон протоколду карап, жокко чыгарууну тездетиши керек. Чала жан болуп, ара жолдо калган протоколдун максатын, мазмунун билип туруп, Жогорку Кеңеш менен Өкмөт мыйзам жолу менен протоколду жокко чыгарууну кароого милдеттүү. Мыйзамдуу жол менен аракет кылып, Тажикстан менен дипломатиялык сүйлөшүүгө шарт түзүлөт болуш керек. Тескерисинче, электр чубалгыларыңды чогултуп кет деп талап койгонго, 275 метр жер Кыргыздын тарыхый жери экендигин талап кылганга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мадумаровдун протоколу жер саткандыкка жатпайт. 2009-жылы жол курулуп жатканда, учурдагыдай кырдаалдар түзүлүп, муктаждык жаралганда, элдин коопсуздугу, ишти токтотпой жолдун бүтүшү үчүн түзүлгөн ал протокол. Протокол менен жер сатууга мүмкүн эмес. Утурумдук муктаждыкты канааттандырып туруучу, келечекте толукталып карала турган иш аракеттин башталышы катары эсептесек болот. Тилекке каршы учурунда протокол боюнча калып кетип, Жогорку Кеңеш, Өкмот, Президенттердин көңүл буруп, андан ары протоколдун келечегине кайдыгер мамиле жасагандыктары, өз мезгилиндеги ар бир бийлик бутактарынын жоопкерчилиги кандай деңгээлде болгондугунда.

АДАХАН МАДУМАРОВ КОЛ КОЙГОН ПРОТОКОЛДО ЭМНЕ ДЕГЕН КЕЛИШИМ БОЛГОН:

2009-жылдын 3-мартында кол коюлган протокол 9 пункттан турат. Биринчи пунктка ылайык, делимитация жана деморкация бүткөнчө чек ара сызыгын бойлой эч кандай чарбалык иштер жүргүзүлбөшү керек. Экинчи пунктунда Исфара дарыясынын жайылмасындагы 275 метр жерди Тажикстан кыргыз тарапка 49 жылга ижарага берип, жолдун ушул бөлүгүндөгү курулушка эч кандай тоскоолдук болбошу керектиги айтылат. Үчүнчү пунктта мамлекеттик чек арадан өткөрүү тууралуу сөз болот. Төртүнчүсүндө делимитация жана деморкация боюнча 2008-жылдын 26-ноябрындагы макулдашуунун күчү жоголду деп табылган. Бешинчисинде Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согди облустарындагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү белгиленген. Алтынчы пунктта чек ара аймагында чыр чыкса, маселени эки өлкөнүн тиешелүү органдары биргеликте чечиши керек. Жетинчи пунктта чек ара аймактарында суу ресурстарын колдонуу жөнүндө, сегизинчи пунктта бул протоколду аткаруу милдети эки өлкөнүн Коопсуздук кеңештерине жүктөлгөнү айтылат. Тогузунчу пунктунда болсо Кыргызстан менен Тажикстандын Коопсуздук кеңештери кийинки жолугушуу качан жана кандай шартта өткөрүлө турганы жөнүндө жазылган.

Надира Нарматова, Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты, вице-спикер, коомдук жана саясый ишмер, “Мээримбек” кайрымдуулук фондунун президенти

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости