www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк коомчулук өлкөлөрү Ооганстанда толук экономикалык рецессияны болтурбоо үчүн биргелешип аракеттениши керек. Мындай чакырык менен Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерреш чыкты. “Ооган экономикасын толугу менен кыйроого жол бербөөнүн жолун табышыбыз керек. Биз республикалык экономиканы жандандыруу жана адамдардын аман калышына жардам берүү үчүн бирге иштешибиз керек", - деди ал Ооганстандын коңшуларынын министрлер жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.
Дүйнөлүк уюмдун башчысы Ооганстандын экономикасын кармап туруу үчүн анын ликвиддүүлүгүн жогорулатуу керектигин кошумчалады. Муну эл аралык укукту жана принциптерди бузбастан ишке ашырууга болооруна ишенгенин билдирди.
Талибдердин тынымсыз аракеттерине карабастан, Ооганстандагы экономикалык абал оор бойдон калууда. Бул, негизинен, талибдердин мамлекеттик резервдердин 0,1 пайызына (9,4 миллиард доллар) гана мүмкүнчүлүгү бар экендиги менен түшүндүрүлөт, алардын көбү АКШ тарабынан тоңдурулган.
Ал эми качкын Надира айым, Оогонстандагы учурдагы бийлик келгенден бери миңдеген жаран жерин таштап кетүүгө аргасыз экендигин айтты.
-- Мен өзүм Ооганстанда туулганмын. Атым Надира. Өлкөнү таштап чыгып кеттик. Абал оор. Азык-түлүктүн баары кымбаттады. Баары калк ойлогондой болуп жаткан жок. Адамдардын укугун дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыгууда, - деди ал.
Эске сала кетсек, кечээ, 27-октябрда Тегеранда Ооганстандын коңшуларынын өкүлдөрү сүйлөшүү өткөргөн.
Рушана Султанова, Ташкен
Булак: NazarNews.kg