www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Болот Купешов шек жаратканда

Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абад университетинде иш чатак. Ректор Кеңешбек Үсөнов шайлоодогу атаандашы А.Абдрашовдун жактоочуларын четинен кетирип отуруп, 5 жылда 150 окутуучуну иштен айдап, алардын ордун өзүнүн тарапташтары менен толтурган.

Универистеттеги мындай өзүм билемдикке нааразы болгон окутуучулар билим берүү министри Болот Купешовго май айында эле келип арызданышкан. Министр мырза «үч-төрт күндө чечем» дегенден бери алты ай өттү.

Мыйзамсыздыкка нааразы болгон окутуучулар YouTube каналына чыгып, нааразылыктарын айтып жатат. Министр Болот Купешов болсо кылар иши, салар кушу жок немедей жер кыдырып жүрөт. А маселени ким чечет? Өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илген ректордун тизгинин тартчу киши барбы? Же ал билген намазын окуй береби?

Булак: Азия News гезити

Последние новости