www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы кыргызстандыктарды 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоодо добуш берүү үчүн каттоо 12-ноябрда аяктайт. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдагандай, кыргыз жарандары бул күнгө чейин консулдук каттоого туруп, биометрикалык маалыматтарын тапшыруусу абзел. Ал эми биометрикалык маалыматтарын тапшырган жарандар консулдук каттоого аралыктан, онлайн катталса болот.

Орусияда Москва, Санкт-Петербург, Сургут, Самара, Краснодар, Казан, Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск, Тюмень, Томск, Иркутск, Хабаровск, Владивосток шаарларында, Якутияда жана Түштүк Сахалинде шайлоо участоктору иштейт.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалымдашынча, шайлоочулардын баштапкы тизмесине 3 миллион 686 миң адам кирди, алардын 48% эркектер, 52% аял шайлоочулар. Мунун ичинен 69 789 шайлоочу чет өлкөдө катталган.

Быйыл 11-апрелде өткөн референдумга карата катталган шайлоочулардын санынан дээрлик 81 миң кишиге көп. Шайлоочулар өздөрүн тизмеден 19-сентябрдан тартып 12-ноябрга чейин тактай алышат, акыркы такталган тизме 18-ноябрда жарыяланат. 28-ноябрга белгиленген шайлоодо парламентке саясий партиялар аркылуу 54 депутат, ал эми бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек.

Булак:NazarNews.kg

 

Последние новости