www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламатсыздарбы NazarNews маалымат агенттигинин редакциясы. Мен, өз башымдан өткөн трагедиямды жарыялоону чечтим. Мүмкүн кимдир бирөөгө сабак болот. Эрезеге жетип, эне сүтүм оозумдан кете электе Б.... аттуу жигитке турмушка чыктым. Ошол кездеги бактылуу көз ирмемдеримди сөз менен айтып жеткире албаймын. Жогорку билим албасам дагы өз сүйгөнүмө жетип, түтүн булатканыма шүгүрчүлүк келтирип бактылуу болуп жашап жаттым. Жолдошум укук коргоо органдарынын биринде кызмат кылат. Кайын ата кайын энем менен турабыз. Жолдошумдун мага болгон мамилеси өтө жакшы. Болгону акыркы жылдары, “кызматтык милдетимди аткарып жатамын”, деп үйгө түнөбөй калды. Ошентип арадан 7 жыл убакыт өтүп, 4 балалуу болдум. Балдарымдын бакытына балкып, баарына көз жумган менен жолдошум мени менен акыркы күндөрү такыр түнөбөй калды. Жолдошумдун апасына айтсам, “Сени, балдарыңды багып жатат, унчукпа” деп тим болчу.

Акыркы учурларда менин жолдошума болгон кызганыч пайда болуп, артынан түшүп аңдый баштадым. Жолдошумду “кимдир бирөөгө үйлөнүп алган” деген сезим менден кетпей койду. Аны бир жума артынан калбай аңдып жүрдүм. Таптым. Бирок, көргөн көзүм агып түшүп калсынчы, оо-о Кудай! Эмнеге жарык дүйнөгө жаралдым экен?! Мен сүйүп турмуш курган жолдошум, 4 баламдын атасы, эркек менен бир төшөктө жатканын көрүп, эмне дээримди билбей туруп калдым. Буулугуп эч нерсе дей алган жокмун! Үйгө келдим дагы 4 баламды тең таштап үйдөн чыгып кеттим. Эми, “эч качан кайтып ал үйгө барбаймын”, деп өзүмө ант ичип Россияга кетип калдым. Мына быйыл сүйүп турмуш курган адамды гана эмес, өзүм төрөп таштап чыгып кеткен балдарымды көрбөгөнүмө 1 жыл 5 ай болот. Тилекке каршы эч кимисин сагынган жокмун. Анткени жолдошумду төшөктөн эркек менен көргөндөн кийин ага болгон жек көрүү сезими менин жүрөгүмдү муздатып салды. Менин пикиримди окугандар, ишенишпей же каргап-шилеши мүмкүн, бирок бул кашкайган чындык!  Жашоомдогу унутулгус трагедияны эч кимге, душманыма да ыраа көрбөймүн!

Нагина....

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости