www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Наманганда экстремисттик топ кармалды

Өзбекстандын Наманган облусунда бир канча киши "Facebook" жана "Telegram" аркылуу диний жихадга үндөгөн деп айыпталууда.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына ылайык, алар милиция менен атайын кызматтын биргелешкен операциясында колго түшкөн.

Топтун 55 жаштагы башчысы Абу Салах, Садык Самарканди өңдүү экстремист лидерлердин ишмердигин жайылткан, катарына уулун, жээнин жана классташтарын кошуп алган деп шек саналууда.

"Мындан тышкары, ал Сириядагы террордук топко катышы бар кишилер менен Интернет аркылуу байланышта болгон. Орусиядагы тааныштары жана экстремисттик топторго катышы бар достору аркылуу Сирияга төрт жолу акча жөнөткөн", - деп айтылат кабарда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости