www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир күн бою телефон, компьютер, телевизор, планшет ж.б.у.с. көптөгөн электрондук түзүлүштөрдүн экранын тиктейбиз. Билинбегени менен канчалык зыян келтирери жана аны кантип чечсе болоору тууралуу алдыдагы материалга көңүлүңүздү бурабыз.

Көз ирмөөнүн саны азайып, көздүн кургоосуна алып келет

Көз кабактары көздүн жашоо милдетин аткарат. Көз ирмөөнүн саны азайса, демек көз өзүн тазалай албай, жаңылана албай, нымдандыра албай баштады. Көздүн кургоосу дагы ирмөөнүн саны азайганынан пайда болот. Эң коркунучтуусу көздүн чарчашына алып келүүсү.

Тынымсыз экранды кароо кабыл алуубузду начарлатат
Экран түз болуп жасалат. Экранда түрдүү эффекттер менен үч өлчөмдүү нерселерди көрө алганыбыз менен, экрандын кандайдыр бир тереңдиги жок. Бул абал биздин кабыл алуубузга терс таасирин тийгизип, аны начарлатат.

Сезим жана реакция күчү азаят
Экранды кечке карай берүү менен сезим жана реакция кылуу жөндөмүбүздү акырындан жок кыла баштайбыз. Анын себебинен алысты, жакынды көрүүбүз бузула баштайт.

Эмне кылуу керек?
Эгер телефондун экранын кароодо кыйналсаңыз, шрифттерди чоңойтуңуз. Жазуулар майда көрүнүп, жакындатып кароого мажбур болуу көздө оорутуу жаратып, организмдин чарчоосуна жана баш оорусуна алып келет. Аны менен катар түс контрастын арттырууга аракет кылыңыз. Жогоруда айтып өткөндөй, көздү ирмөөнүн жашоодогу орду чоң. Экранды карап жатып, белгилүү дистанцияда көздү ирмөөнү улантыңыз. Бул көздүн кургашын азайтат. Эгер буга дагы болбосо, врачка кайрылып, тамчылатуучу дары колдонууга мажбурсуз. Мындан сырткары экрандын өтө жарык болушу баш ооруну пайда кылат. Жарыгын азайтып колдонуңуз.

20-20-20 эрежесин сөзсүз колдонуңуз!
Узун убакыт бирдей аралыкта бир нерсени кароо көздүн функция аткаруусуна тоскоолдук жаратат. Көздүн башкаруучу жана фокус жасоого жардамчы булчуңдары бар. Бул булчуңдар тынымсыз бир эле кыймылды аткарууда толук менен иштебей калат. Ошол себептен 20 мүнөт экранга карагандан кийин 20 метр алыстыкта турган бир нерсени 20 секунд кароо көз булчуүдарынын кайрадан иштеп баштоосун шарттайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости