www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз каякка гана жол тартпайлы, сапардын соңунда биздин намысыбыз гана калат.

(Киган Дин)

Бүгүн намыссыз калган эл эртең нансыз калат.

(Элиза Ожешко)

Эң башкы байлык атак-даңк эмес, намыс.

(Валентин Рычков)

Сен өлүмгө татыктуусуң, бирок өч алуу менен мен аброй таппайм.

(Кассандра)

Шерменде болуп жашагандан көрө абийир менен өлгөн артык.

(Публий Корнелий Тацит)

Ырахат убактылуу, намыс түбөлүктүү.

(Педиандр)

Атак-даңк бар жерде намыс аз, намыс бар жер жерде атак-даңк андан да аз.

(Иоганн Готтфрид Зейме)

Намыс – өмүрдөн да кымбат.

(Алексей Черненко)

Баасы бар намыстын баалуулугу болбойт.

(Мухаммад Окар)

Сен намыс эмне экенин эч качан түшүнбөйсүң, себеби, намыссыздык кандай болорун көргөн эмессиң.

(Генрих Белль)

Намыстын баасы кымбат болуш керек, антпесе аны эч ким сатып албайт.

(Вера Камша)

О, адам баласы, өзүңдөгү адамды намысынан ажыратпа!

(Жан-Жак Руссо)

Апапак чачтарыңды кирдетпей таза сакта, ак нерседеги так өзгөчө даана көрүнөт.

(“Миң бир түн” жомогунан)

Чыныгы баатыр мышыктан да жардамын аябайт.

(Эрин Хантер)

Намыс атүгүл ууруларда да болушу мүмкүн, бирок саясатчыларда болбойт.

(Лоуренс Аравийский)

Сүйүү менен дин кайтарып турбаса аялдын намысы сакталышы өтө кыйын.

(Шарль –Жозеф деЛинь)

Мыйзамдардын бийик болгону – мамлекетин абийири, адепахлактын бийик болгону – коомдун абийири.

(Василий Розанов)

Жазуучу акча үчүн ырахат тартуулаган сойку (аягы суюк) болбошу керек.

(Аристарх Ромашин)

Намыс жок жашоо тыйынга да арзыбайт.

(Пуштун накылы)

Эр жигит Кудайга, туулган жерине, анан ата-энесине гана тизе бүгүшү керек.

(Е Син Хе)

-- Сени менен чогуу өлгөн мен үчүн чоң сыймык. -- А мен сени менен чогуу өмүр сүргөнүмө сыймыктанам.

(“300 спарталык” тасмасынан)

Берилгендик – чыккынчылыктын душманы, намыс – намыссыздыктын душманы.

(Петр Квятковский)

Жүзүңдү сактайм десең, көчүгүң зыян тартат...

(Линдон Джонсон)

Адамдар үчүн биринчи орунда уят менен намыс турганда, калпычылар да, варварлар да болмок эмес.

(Айшек Норам)

Абийириңдин алдындагы карызды абийирдүүлүк менен бериш керек.

(Авессалом Подводный)

Эркек менен аялдын абийиринин айырмасы ушунда, аял өз абийирин душман катары сезет.

(Пьер Эдмон Бошен)

Абийир – бул башкалардын биз жөнүндөгү жакшы пикири.

(Бернард Мандевиль)

Намыс – бул парздын поэзиясы. Акылдуу жана абийирдүү кишилер чогуу күрөшкөн кезде келесоолор менен алдамчылар өз-өзүнөн чегинет.

(Шарль Дюкло)

Абийир сатып байыш кыйын.

(Люк де Клапье де Воверанг)

Эгер ээси жашоодо абийири менен намысын жоготуп койгон болсо, атүгүл олимпиаданын алтын медалы да дат басып кетет.

(Петр Квятковский)

Эр жигиттин акчасы канчалык аз болсо, ал өзүнүн аброюна ошончолук этият кам көрүшү керек.

(Элиф Шафак)

Менин жүрөгүм сен үчүн, каным император үчүн, ал эми өмүрүм болсо ар-намысым үчүн.

(Антуан Шарль Луи Лассалдын аялына жазган катынан)

Азыр баары эле намыс жөнүндө айтып жатышат, а чындыгында аларды бийлик гана кызыктырат.

(Холли Блек) Абийириңди балдар бакчасынан баштап сакта.

(Владимир Голобородько)

Кээ бир сөздүктөрдө абийир, намыс тууралуу сөздөр жетишпейт.

(Станислав Ежи Лец)

Ата, эми мен сени ээрчий албайм, себеби, сен абийирсиздиктин жолуна түшүп алдың.

(Ольга Брилева)

Абийир менен намысты, сүйүүнү, адамгерчиликти сакташ керек. Ошондо акча менен мал-мүлк өзүнүн тийешелүү ордун табат.

(Павел Ломовцев)

Жок, мен ар-намысымды пайдага баш ийдирбейм.

(Уильям Шекспир)

Намыс – бул эр жүрөктүк менен уялуу.

(Альфред де Виньи)

Булак: Азия News гезити

Последние новости