www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Түркияда жер титирөөдөн 22 адам жабыркады

Түркиянын түндүк-батышында болгон жер титирөөдөн кеминде 22 киши жаракат алды. Бул тууралуу шаршемби күнү, 23-ноябрда өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа билдирди.

"Дюзджеде 22 адам жарадар болгон, алардын биринин абалы өтө оор", - деп жазды ал Twitter баракчасына.

Ошондой эле бөлүм башчы шаарга тез жардам бригадалары жөнөтүлгөнүн кошумчалады. Кожа жаңы маалыматтар пайда болгондо бөлүшө турганын баса белгиледи. 

Эске салсак, 22-ноябрда Түркиянын түндүк-батышында күчү 6 баллга жеткен жер титирөө болгон. Европа-Жер Ортолук деңиз сейсмологиялык борбору алгачкы жер титирөөнү саат 04:08де катталганын билдирди. Жер титирөөнүн очогу Дюздже провинциясынын Голяка районунда жайгашкан. 

Жер титирөө өлкөнүн түндүк-батышында гана эмес, борбордук бөлүгүндө да көп аймактарда сезилди. Ошол эле учурда Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргендей, жер титирөөдөн жабыркагандар жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости