www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Роналду эми «Манчестер Юнайтедде» ойнобойт

«Манчестер Юнайтед» клубу Криштиану Роналду менен келишимди токтотту.

Клуб португалиялык чабуулчу эки тараптын макулдугу менен келишим токтотулгандан кийин дароо командадан кетип жатканын жарыялады.

Буга чейин 37 жаштагы футболчу чуулгандуу интервью берип, анда «Манчестер Юнайтеддин» жетекчилигин жана башкы машыктыруучу Эрик Тен Хагды сынга алган.

Роналду «Манчестер Юнайтеддин» курамында 346 матчта 145 гол киргизген.

Криштиану Роналду душ Сантуш Авейру — португалиялык футболчу, Англиянын «Манчестер Юнайтед» клубунда жана Португалия курамасында ойнойт. 2009-2018-жылдары Реал Мадридде, 2003-2009-жылдары Манчестер Юнайтедде, 2018-2021-жылдары Туриндин Ювентусунда, 2021-жылдан кайра Манчестер Юнайтедде ойногон. Роналду УЕФАнын Чемпиондор Лигасын беш жолу жеңген (2008, 2014, 2016, 2017, 2018), Клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугун төрт жолу жана УЕФАнын Суперкубогун эки жолу уткан. Криштиану ⁠ Англиянын Премьер-Лигасын, Ла Лигасын жана Италиянын А Сериясын жеңген тарыхтагы биринчи оюнчу.

Улуттук курама менен бирге Роналду Европа чемпиону (2016), Европа чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси (2004 жана 2012), 2004-жылы Олимпиадалык футбол турнирине катышкан. Ал Португалиянын футбол федерациясы тарабынан Португал футболунун тарыхындагы эң мыкты оюнчу катары таанылган.

Роналду тарыхтагы бардык деңгээлдеги эң көп гол киргизген европалык футболчу. Криштиану — France Football журналынын «Алтын топтун» үч жолку жеңүүчүсү жана ФИФАнын эки жолку «Алтын топу», «Алтын бутса» сыйлыгынын төрт жолку жеңүүчүсү, ФИФАнын жылдын мыкты оюнчусу жана улуттук наамдардын бир нече жолку лигалардын жеңүүчүсү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости