www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз армиясы Казакстанга кирбеши керек!”, “Казакстандагы окуя ички саясаты, биз кийлигише албайбыз”, “Бир тууган элге аскер киргизсек өмүр бою жаман атка калабыз!”... Мына ушундай сөздөрдү айтып бүтпөгөндөр болду. Туура, казак менен кыргыз бир төөнүн эки өркөчүндөй, куштун эки канатындай эл. Базарыбыз, мазарыбыз, ал тургай тилибиз, динибиз, каныбыз менен маданиятыбыз бир. Аскерибизди киргизбей, колубуздан келген гумжардамды берсек сонун болмок. Бирок, бул медалдын бир тарабы эле. Казакстандагы окуя көзөмөлдөн чыгып кетти. Бийлик дагы, эл дагы окуяны көзөмөлдөгөнгө дарамети жетпей калды. Ушул кырдаалды башка күчтөр пайдаланып жатканы ачыкталууда. Казак эли өз уулдарынын (полицияда иштеген) баштарын кесип алмак эмес. Бул тынчсызданууну жаратат.

Борбордук Азияда тынчтык орношуна, өлкөлөр өнүгүшүнө каршы күчтөр бар экени талашсыз. Алар бул чөлкөмдө ар дайым жаңжал чыгып туруусун каалайт. Ал тургай өз көзөмөлүнө алыгысы келет. Казакстандагы азыркы абал ушул нукта жүрүп жаткандай. Биздеги эки революция сырткы күчтөрдүн кийлигишүүсү менен ишке ашкан. 2010-жылдагы Ош коогалаңын кайсыл күчтөр жаратканын, кимдин генералдары келип өлкөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү тууралуу маалыматтар ачык айтылган. Кан төгүү алар үчүн ыңгайлуу.

Казак бийлиги кан төгүүсү жок эле маселени чечкенге мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бийликке ишенүү мүмкүнчүлүктү жокко чыгарды. Элдин талабын ишке ашыруу (алгач суюлтулган газдын баасын түшүрүү) казак бийлиги үчүн чоң маселени жаратмак эмес.

ЖККУнун тынчтыкты орнотуучу күчтөрү, анын ичинде биздин аскерлер казактарга кире турган болуп жатканы да кыргыз элин тынчсыздандырды. Биз аталган уюмдун мүчөсүбүз. Алган милдеттенмени аткарууга аргасызбыз. ЖККУга төрагалык кылган Армениянын өкмөт башчысы Пашиняндын билдирүүсүндө тынчтык орнотуучулар эч кандай атайын операцияларга катышпайт, стратегиялык объектилерди кайтарууга алышат деп айтылды. Биздин жоокерлер дагы кирип калышса казак бийлиги сурангандай объектилерди гана кайтарууга алышаарын президент айтты. Казакстандагы тынчтык орус, тажик, белорус, армянга караганда биринчи кезекте кыргызга керек. Биздин экономикабыз Казакстанга байланган. Дүйнөгө чыкчу жалгыз жол казактар аркылуу гана. Казак бийлигинин башында турган Касым-Жомарт Токаев дүйнө коомчулугуна “террордук акт жасалды” деп расмий жарыялап, ЖККУдан жардам сурап кайрылды. Дүйнө коомчулугунун алдында өзү жоопкерчиликти алды. Куралсыз элди аттырганы боюнча тарыхта өчпөс болуп өз аты жазылат. Миллиондогон казак эли дагы тынчтык орносо деп Кудайдан тиленүүдө. Буудайдын мекенинде эл нанга кезек күтүп каз-катар тизилүүдө. Алардын көз жашы да күнөөлүүлөрдү уктатпаса керек.

Биздин жоокерлер казактарга барса тынч элди атып жиберет деген ойдон алыс болсок. Тынчтыкты каалагандарды коргосо эмнеси жаман? Казакстандагы өрт бүгүн өчүрүлбөсө, эртең бүтүндөй Орто Азияны каптайт. Ушул максатты көздөгөн күчтөр толтура. Казак бир туугандарга аскер киргизип, тарыхта болбогондой жаман атка калабыз дебестен, тынчтыкты орнотууга, бөөдө кан төгүүнү токтотууга салым кошсок болмок дегенди дагы ойлонушубуз керек го дейм. Назарбаев, Токаев мындан кийин казак элине үстөмдүгүн жүргүзө албайт. Алардын күнү батты. Чөлкөмдө тынчтык болсо кыргыз-казак түбөлүк жашай берет.

Наралы Асанбаев, журналист

Булак: NazarNews.kg

Последние новости