www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ковид - 19дун омикрон варианты барган сайын таасирин күчөткөн Европа өлкөлөрүнүн көпчүлүгүндө акыркы бир жумада бейтап саны мурунку бир жумага караганда 100 пайызга көбөйдү.
Дүйнө боюнча Ковид – 19 бейтаптарынын статистикасын камтыган worldometers.info сайтында аймак өлкөлөрүндө 30-декабрдан бери акыркы 7 күндө байкалган бейтап жана өлүмдөрдүн көбөйүшү мурунку 7 күн менен салыштырылды.
Акыркы бир жумадагы бейтап санынын өсүүсү дээрлик бардык аймак өлкөлөрүндө жогорулагандыгы байкалууда.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус өткөн жылдын акырында берген маалыматында омикрон вариантынын «цунами» таасирин жаратуусунан тынчсызданып жаткандыгын белгилеген.
Гебрейесус дүйнө жүзү боюнча тездик менен жайылып жаткан омикрондун Дельта варианты менен бир убакта жайылгандыктан, оорулардын саны дүйнө жүзү боюнча көбөйөрүн эскерткен.
Акыркы 24 саатта вирустун очогу болгон Индияда 325 адам коронавирустан көз жумду, алардын бирөө гана оmicron дартына чалдыккан. Пандемия башталгандан бери Индияда 35 миллиондон ашык адам COVID-19 менен ооруп, 482,000ге жакын адам каза болду.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, 6-январга карата омикрон штамы 126 өлкөдө аныкталган.
Булак: NazarNews.kg