www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
– Менин турмушка чыкканыма 9 жыл болду. Жолдошум жакшы болчу. Өзүм сүйүп, өз каалоом менен турмуш жолуна аттангам. Кайненем менен чогуу тургандыктан, ал мени жамандай берип жолдошумдун мүнөзү өзгөрүлүп кетти. Апасынын ою менен болуп, мага жана ортобуздагы үч кызыбызга убактысын да, акчасын да короткусу келбейт. Урушарга сөз таппай, болор-болбос нерселерди айтып жаңжал чыгарып, үйдөн кетип калмайды адат кылып алды. Ал мени урбайт, бирок анын жүрөктү ооруткан заар сөздөрүнөн тажадым.
Эми мунун баары аз келгенсип дагы бир маселе пайда болду. Үйдө болгондо телефонуна бирөө чалса эле башка бөлмөгө чыгып кетчү. Өткөндө да чалуу келип жатканынан карасам, “Жаным” деп сакталган номер экен. Ал ким экенин сураштырсам: “Ал менин ойношум. Сенин ишиң болбосун!” - деп оозумду ачырды. Ичим өрттөнүп, ошол жерден жерге кирип кетейин дедим. Андан негедир бул нерсени күтпөптүрмүн. Ошондо ызама чыдабай кыздарымды алып апамдыкына кетип калгам. Ичимден кайра кайтып келбейм деп ойлогонум менен бир айдан кийин кечирим сурап барган күйөөмдү ээрчип кайра келдим.
Кайненеме Кудай берип калды, мурункудан да тили узарып, мени кордогонун койбойт. Күйөөм болсо экинчи тигиниси менен сүйлөшпөсүн убада кылганы менен телефонундагы “жанын” дагы деле өчүрбөптүр. Үйгө эрте келип, бизге аз да болсо көңүл буруп, мурункудай ороңдобой калганынан чын элеөзгөрүүгө аракет кылып жатат го деп унчукпадым.
Бирок жашоого көңүлүм жок, чөгүп кеттим. Акыркы убактарда “балдарым үчүн жашаймбы же өзүм үчүн жашаймбы?” деп өзүмө-өзүм суроо берем. Ушунча жыл жолдошумдун басынтуусуна чыдап келсем, эми көзүмө чөп салуусуна дагы көз жумушум керекпи?
Akima86. Менин кайненем дагы мени жамандап жүрүп ажыраштырып тынган. Бирок азыр өз бактым үчүн күрөшүүнүн ордуна кайненеме өчөшүп кетип калганыма өкүнөм. Анткени менин эле жашоом эмес, күйөөмдүкү да бузулду. Ал эки ортодо кимге болушарын билбей эле ичкиликке берилип, аялдан аял алып жүрөт. Кайненем болсо каза болгон. Андыктан сизге кеңешим: чыдаңыз, мага окшоп кийин өкүнүп калбаңыз. Анын үстүнө жолдошуңуз оңолуу жолуна түшүптүр.
Albina. Эмнеге кыргыз айымдар ушундайбыз? Балдарым-балдарым деп эле өзүбүздү курмандыкка чалып жүрө беребиз. Сизге татыктуу эмес экен жолдошуңуз. Ажаан кайненеңизге чыдаганыңыз аз келгенсип, туруксуз күйөөңүздүн бул кылыгына канчага чейин чыдайсыз? Баарын жыйыштырып коюңуз, алдыда, балким, сизди чыныгы бакыт күтүп тургандыр.
zhagun. 3 кыз төрөгүчө күйөөңдүн жаман-жакшы экенин билбесең, анда сага сөз жок. “Катын жакшы - эр жакшы, вазир жакшы - хан жакшы”. Өзүн терең ой жүгүртүп көрчү, мүмкүн сенден да кемчилик кетип жаткандыр.
Булак: "lady.kg"