www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишектин мурдагы мэри Нариман Түлеев, жергиликтүү “Марал” радиосуна маек берди. Нариман Түлеев адамдын башынан өткөн “кыйынчылыкта дос менен душманды иргелип калат экен” деп, төмөнкүлөргө токтолду.

--“Кыйынчылык болгондо бир тууганың менен ата-энең жаныңда калып, жакын досторуң иргелип калат экен. Бийликте жүргөндө досторуң саман болот. Мен бир нерсеге таң калдым, башыма кыйынчылык түшкөндө кыргыз досторума караганда, орус досторум мени саткан жок”, деди Нариман мырза.

Аша кошумча, Нариман Түлеев, журналистин “Сооронбай Жээнбеков менен саламдашкансызбы?” деген суроосуна:

--"Сооронбай Жээнбеков менен саламдашкан эмесмин. Саламдашсам сыймыктанат элем. Бул киши менен такыр жакындан сүйлөшүп көрбөптүрмүн," - деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости