www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Бишкек троллейбус башкармалыгы шаарга жаңы троллейбус сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Сатылып алынган транспорт ушул жылы ишке киргизилип, линияга кошулушу керек.
Башкармалыктын директору Артур Өмүрзаковдун “Азаттык” радиосуна айтымында, тендердин суммасы 7,9 еврону түзөт. Бул каражатка 50дөй троллейбус сатып алуу пландалууда. Муну менен мэрия шаардагы кичиавтобустардын санын кыскартууну көздөп жатат. Бүгүнкү күндө жалпысынан 104 троллейбус иштеп жатат.
Маалыматка караганда, коомдук транспорт Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын эсебинен алынат.
Буга чейин Бишкек мэри Албек Ибраимов быйыл шаардагы жүргүнчү ташыган 1000ге жакын кичи автобустун ордуна троллейбус жана чоң автобустарды жүргүзүүнү пландап жатканын айткан" деп жазат "Азаттык" радиосу.
Баса, Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев, Кытайдан зыяндуу автобустарды алып келген деп камакка алынган эле, 3-4 жылдан кийин мындай иш, Албек мырзанын башына келбейт бекен деген ой.
Булак: «NazarNews.kg»