www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  жарандык активист Нарис Калчаевди кепке тартып, кумтөр боюнча ой бөлүштүк.

--Нарис, айрым депутаттар, саясатчылар кумтөрдү сатуу маселесин көтөрө баштады. Алар кумтөрдүн өзүн сатуу зарылдыгын айтып жатышабы же акцияларын сатууну сөз кылып жатышабы?

--Кыргызстан кумтөрдүн акциясынан укмуш деле пайда көргөн жок. Тагыраагы,  4 жылда араң 8 миллион доллар алды. Эгер кумтөрдөгү алтын түгөнсө, акция мааниси жок кагазга айланып калат деп кооптончу маселени айтышканы менен аны сатсак, мындан да  орчундуу маселелерди жараткан жагдайга туш болушубуз ыктымал. Ошон үчүн акцияны сатпай деле койсок туура эле болот.

Кумтөрдүн өзү сатууну каалагандарга караманча каршымын. Кумтөр иштеп турганда сатабыз деп оозанбашыбыз  керек. Анткени, Кумтөрдөгү оюндар 2007-жылдагыдай эле болуп жатат. Айтайын дегеним, 2007-жылы Кумтөр Кыргызстанга 100 пайыз өтө турган болуп калганда реструктуризация деген шылтоо менен “Камеко” “Центеррага” айланып азыркыга чейин алтындын каймагын калпып жатышат. Ал эле эмес, кумтөрдө алтын аз калды, “Центерра” кетип калат деген шылтоо менен келишимди дагы узарткылары келип жатат.

--Кырдаалдан чыгуу үчүн өкмөт антикризистик программага өкмөт кумтөрдү сатуу маселесин кошуп албайбы?

--Кумтөрдү негизи эбак эле соодалашкан. Азыр калганын сатууну максат кылып жатышат. Бирок  эч качан сатууга жол бербейбиз! Жалгыз калсам дагы тынымсыз күрөш жүргүзүүгө акылым да, күчүм да духум да жетет. Бу сапар эл өзү деле өзүм билемдикке жол бербейт.

--Карантинге байланыштуу кумтөрдүн дагы иши токтодубу?

--Кумтөр азырынча толук кандуу иштеген жок. Себеби, алтын казууга керектүү каражаттардын көбү чет мамлекеттен келет. Ошон үчүн иши бир аз токтогонсуп турат.

 Булак: NazarNews.kg 

Последние новости