www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернет айдыңында блокпостто милиция кызматкери менен жарандын чырдашкан видеотасмасы жарыяланып, катуу талкууга түштү.

Видеотасмадан жарандын "жолду ач, мени өткөр, мен үйгө бара жатам" деп айтып, милиция кызматкери менен пикир келишпестиги орун алганын көрүүгө болот. Жарандын колунда тиешелүү документтер турганына карабай, блокпостто турган кызматкер аны өткөрбөй койгон.

Жарандар менен байланышуу учурунда милиция кызматкери бет капсыз, баш кийимсиз жана колунда тамеки менен жүргөн. Анын кызмат учурунда тамеки чегип турганы туура эмес экенин видеого тартып жаткан автор атйкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости