www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-августта жүк ташуучу унаасы менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочуну издөөгө 198 адам тартылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде куткаруучулар, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар бар. Алар 5 дрон менен издөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Эске салсак, 13-август күнү Дөбөлү айыл аймагынын Эки-Нарын жана Таш-Башат айылдарын бириктирип турган ички чарбалык унаа өтүүчү жыгач көпүрөдөн КаМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна түшүп кеткен. Натыйжада унаанын айдоочусу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек киши дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.