www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Нарын дарыясына экскаватору менен түшүп кеткен 68 жаштагы жарандын сөөгүн тапты.

Ведомствонун маалымат кызматы билдиргендей, Ө.Ү. аттуу экскаваторчунун сөөгүн куткаруучулар суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жалпы издөө иштерине 19 куткаруучу тартылган.

Белгилей кетсек, Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Куланак айылында суу бөлүштүргүчтө иш жүрүп жатканда экскаватор 68 жаштагы Ө. Ү. аттуу айдоочусу менен Нарын дарыясына кулап, шар аккан сууга кирип кеткен.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости