www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Нарын облустук курулуш башкармалыгынын кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук прокуратурасы тарабынан текшерүүнүн жүрүшүндө облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылына спорт залын курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшбөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 4 млн 473 миң 536 сомдук зыян келтирилгендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости