www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кумтөр иши боюнча талаштын алкагында түркиялык үч компания Кыргызстандан акча доолап эл аралык сотко кайрылды. Бул туурасында юстиция министри Аяз Баетов билдирди.

Анын айтымында, учурда Стокгольм соту толугу менен токтоп турат, Нью-Йорк менен Канадада ушул жумада процесттер болот.

"Centerra Gold Inc. компаниясы менен талашта көйгөйлүү маселелер пайда болуп калды. Эки-үч түрк компаниясы дагы ишке кошулуп кетти. Алар Нью-Йорк жана Канада сотторуна Кыргызстандан акча алабыз деп кагаздарын тапшырышты. Эми биз ал иш боюнча дагы иштеп жатабыз. Үч сотто тең Centerra компаниясынын доосу бар. Анысы аз келгенсип эми түркиялык ишканалар дагы кошулду. Булар Centerra ишканасынын карамагындагы эмес башка компаниялар", — деди Баетов.

Ошондой эле ал аталган доо боюнча маалымат жаңы эле келип түшкөнүн, бирок аны менен макул эместигин айтты. Башкы юрист Кыргызстан менен "Кыргыз алтын" эки башка субъект болгондуктан түрк компанияларынын аралашканын туура эмес деп эсептейт.

Министр соттук иштердин кызыкчылыгы үчүн бул иш боюнча толук маалымат берүүдөн карманды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости