www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусунда Жалпы республикалык тестирлөөдө «Алтын сертификатка» ээ болгон жана эң жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөр сыйланды.
Облустагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү бүтүрүүчүлөрдү кабыл алып, аларды ийгилиги менен куттуктады. Жолугушууга окуучулар менен катар алардын ата-энелери жана мугалимдери да катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө «Алтын сертификат» алган эки бүтүрүүчү өкүлчүлүктүн Ардак грамотасы менен сыйланды. Ал эми жогорку упай топтогон бүтүрүүчүлөргө, алардын ата-энелерине жана мугалимдерине Ыраазычылык каттар тапшырылды.
Мындан тышкары, демөөрчүлөр тарабынан ар бир бүтүрүүчүгө ноутбук белекке берилди.