www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында нөшөрлүү жаандан улам Папан айыл аймагында сел жүрүп, Папан суу сактагычынан агып чыккан Ак-Буура дарыясынын суусу ылайланып кеткендиктен, дарыядан таза суу алуу убактылуу токтотулду.
Маалыматка ылайык, учурда шаарга суу кампаларда топтолгон резервдик суудан берилип жатат. Бирок суу түтүктөрүндөгү басым төмөндөшү мүмкүн.
Буга байланыштуу тургундарга алдын ала таза суу камдап алуу сунушталды.
Ал эми суу берүү убактылуу токтогон аймактарга суу ташуучу унаалар (водовоздор) аркылуу, алдын ала берилген арыздардын негизинде, суу жеткирилет.
Диспетчердик кызматтын байланыш номери: 0553 200 105.