www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-мартта Нарын облусунун Ат-Башы районунда ылдамдыгы секундасына 22 метрге жеткен катуу шамал катталып, турак үйлөрдүн чатырын учурду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Кара-Суу, Калинин, Дыйкан айылдарында кампалардын, чарбалык курулуштардын, сарайлардын жана Терек-Суу айылында 2 үйдүн чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Шамал басылгандан кийин жеринде Жарандык коргоонуу комиссиясы келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо иш-чараларын жүргүзөт.