www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иликтөөчү журналист Болот Темиров социалдык тармактагы баракчасында видео жарыялаган. Видеодон баланын «Атам жокто келип алып, бизди коркутуп жатат» дегенин угууга болот.
«УКМК Ысык-Көлдөгү балдарды коркутуп жатат. Алардын атасын ошол эле оор 278-берене боюнча соттошкон. Ага пробация берилген. Бирок андан кийин да алар келип, анын жоктугунда балдарын коркутуп жатышат»— деген жазуу калтырган.
Бул боюнча УКМК тарап жаткан маалыматты расмий түрдө четке кагып, жарандарды чагымчыл, такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө жана мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана көңүл бурууга чакырды.
«УКМК мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасында башаламандыкты, талаш-тартышты жаратуу максатын көздөгөндөргө тийиштүү жоопкерчилик тууралуу эскертүүгө аргасыз»,- деп айтылат маалыматта.