www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн жергиликтүү убакыт боюнча саат 8:54тө Нарын облусунда MSK-64 шкаласы боюнча 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирди.
Сейсмологдордун маалыматына ылайык, жер титирөөнүн силкинүүлөрү облустун бир катар калктуу конуштарында сезилген:
• Жан-Булак жана Достук аймактарында — 3,5 балл;
• Куланак жана Мин-Булак айылдарында — 3 балл;
• Нарын шаарында — 2,5 балл.
Алдын ала маалыматтар боюнча, жер титирөөдөн улам кыйроолор болгон жок, жабыркагандар да катталган эмес. Аймактын тургундары инфраструктура объектилерине олуттуу зыян келтирилгенин билдиришкен жок.
Учурда адистер аймактагы сейсмикалык абалды көзөмөлдөөнү улантууда. Эске салсак, Нарын облусу сейсмикалык кооптуу аймакта жайгашкандыктан, бул жерде жер титирөөлөр маал-маалы менен катталып турат.