www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын шаарында мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал-жарактар аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 23-май күнү саат 19:20 чамасында Нарын шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде белгисиз жарандар мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сатып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Э
Аталган факты Нарын ШИИБдин маалыматтарды электрондук журналына катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ыкчам-тергөө тобу тарабынан жүргүзүлгөн кароонун жүрүшүндө төмөнкү курал-жарактар жана ок-дарылар алынган:
4 даана сайлуу ок атуучу курал;
2 даана сайсыз ок атуучу курал;
347 даана майда калибрлүү патрон;
6 даана ок атуучу куралдын патрону;
9 даана колдонулган гильза;
4 даана куралдын кундагы (приклад).
Териштирүүнүн жүрүшүндө бул факт боюнча Нарын шаарынын 1972-жылы туулган тургуну К.С. аныкталган.
Алынган курал-жарактарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылып жатканы маалымдалды.
Нарын ШИИБ жарандарды мыйзамсыз сакталган курал-жарактар тууралуу маалыматтарды өз убагында укук коргоо органдарына билдирүүгө чакырды.