www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Армениянын премьер-министри Никол Пашиняннин Евробиримдикке жакындашуу саясатын кескин сынга алды. Ал Армения Европанын газ тарифтерине өтсө, калк Пашинянды бийликтен кетирерин билдирген.

“Армениянын эли бул адамды шыпыргы менен кууп, түз эле Париждеги сүйүктүү досу Эммануэль Макронго жиберери баарына белгилүү”, - деп жазды ал.

Медведев ошондой эле Еревандын бир учурда Евробиримдик менен жакындашып, ошол эле маалда Евразиялык экономикалык биримдиктеги артыкчылыктарды сактап калуу аракети өлкө үчүн оор экономикалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Өз кезегинде Пашинян Армения үчүн орус газынын баасы көтөрүлбөй турганын белгилеп, Москва менен Еревандын ортосунда өз ара пайдалуу келишим күчүндө экенин, эки өлкө бул маселе боюнча так стратегиялык макулдашууларга ээ экенин буга дейре айткан.

Последние новости