www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан улуттук электр тармагынын филиалы — Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Аксы райондук электр тармагынын кызматкерлери селден жабыркаган аймактарда авариялык калыбына келтирүү иштерин ыкчам жүргүзүп, электр энергиясын толук калыбына келтиришти.

Маалыматка ылайык, 21–22-май күндөрү Аксы районуна караштуу Кара-Камыш айыл аймагынын Сыны айылындагы Көк-Тонду участкасында жүргөн сел электр тармактарына олуттуу зыян келтирген. Анын кесепетинен 317/400 кВА жана 315/160 кВА кубаттуулуктагы трансформаторлордун пайдубалы кыйшайып, авариялык абал жаралган.

Мындан тышкары, нөшөрлөгөн жаандан улам сел суулары 10 кВ жана 0,4 кВ аба чубалгыларынын темир-бетон мамыларын кулатып, 1400 метр электр чубалгысын жараксыз абалга алып келген.

Ошондой эле Ак-Жол айыл аймагынын Эчкили айылындагы 10 кВ “Тегене” аба чубалгысынын “Эчкили” отпайкасында сел суусу төрт мамычаны агызып кетип, 534/100 кВА трансформатор өчүрүлгөн. Натыйжада 35 абонент электр энергиясыз калган.

Жалпысынан сел кырсыгынан:
2 даана трансформатор;
10 кВ чыңалуусундагы 6 даана мамыча;
0,4 кВ чыңалуусундагы 10 даана темир-бетон мамыча;
1400 метр аба чубалгы жабыркаган.

Кырдаалдан улам жалпы 160 керектөөчү убактылуу электр энергиясыз калган. Бирок энергетиктердин ыкчам аракетинин натыйжасында ошол эле күнү 100 керектөөчүгө электр жарыгы кайра берилген.

Аксы райондук электр тармагынын кызматкерлери эки күн бою тынымсыз иш алып барып, атайын техникалар тартылып, авариялык оңдоо иштери үзгүлтүксүз улантылган.

Натыйжада Сыны айылындагы Көк-Тонду участкасындагы трансформаторлордон электр энергиясы толук калыбына келтирилип, Ак-Жол айыл аймагынын Эчкили айылындагы 45 керектөөчүгө 23-май күнү таңкы саат 04:00дө электр жарыгы берилди.

Белгилей кетсек, кечки убакта кайрадан жүргөн сел агымы калыбына келтирүү иштерин бир топ татаалдаштырганына карабастан, энергетиктер кооптуу шартта үзгүлтүксүз иш алып барышкан.

Последние новости