www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык актёр Сергей Безруков Кыргызстандын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган «Айтматов» көркөм тасмасына катыша турганын билдирди.
Актёр Instagram баракчасына видео жарыялап, анда картинанын режиссёру Каныбек Калматовго өмүр баяндык тасманын үстүнөн иштөөдө жардам берип жатканын айтып берди.
«Мен Каныбек Калматовдун Чыңгыз Айтматов тууралуу өмүр баяндык бейнесинин үстүнөн иштөөгө катышып жатам — бул кыргыз киносунун масштабдуу долбоору. Мен бир аз жардам берип жатам», — деди Сергей Безруков жарыяланган видеодо.
Белгилей кетсек, 2025-жылдын декабрында Каныбек Калматов Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылык жолу тууралуу толук метраждуу көркөм тасманын үстүнөн иш башталганын жарыялаган. Маалымдалгандай, «Айтматов» картинасы чыгармалары дүйнөлүк таанылууга ээ болгон жазуучунун мурасы тууралуу баяндайт. Тасманын прокатка чыгышы 2026-жылга пландаштырылган.