www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттиктин коммуникация башкармалыгынын социалдык медиа аккаунтундагы билдирүүсүнө ылайык, телеконференцияга АКШнын президенти Дональд Трамп, Бахрейндин падышасы Хамед бин Иса Аль-Халифа, Бириккен Араб Эмирликтеринин президенти Шейх Мухаммед бин Заид Аль-Нахайян, Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль-Тани, Египеттин президенти Абдель Фаттах ас-Сиси, Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман, Иорданиянын падышасы II Абдулла жана Пакистандын армия штабынын башчысы Асим Мунир, ошондой эле АКШнын президенттик кабинетинин мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Президент Эрдоган Ирандагы жана Жакынкы Чыгыштагы окуялар талкууланган телекрнференцияда Түркия ар дайым көйгөйлөрдү диалог жана дипломатия аркылуу чечүүнү жактап келгенин, Иран менен дипломатиялык процесстин АКШнын президенти Трамп билдирген деңгээлге жеткенине кубанычта экенин жана жетишиле турган келишим Ормуз кысыгы аркылуу эркин өтүүнү камсыз кылуу менен аймактын туруктуулугун колдой турганын, ошону менен дүйнөлүк экономиканы жеңилдетерин билдирди.

Сүйлөшүү процессине салым кошкон өлкөлөргө ыраазычылык билдирген Эрдоган Иран менен жетишилген ар кандай келишимди ишке ашыруу этабында Түркия бардык зарыл колдоону көрсөтүүгө даяр экенин, Түркия аймакта тынчтыктын орношуна умтулаарын жана Иран контекстиндеги өзөктүк маселе сыяктуу талаштуу маселелер боюнча процесстин алкагында тийиштүү чечимдерди табууга болоруна ишенерин билдирди.

Президент Эрдоган сүйлөшүүлөрдө Түркия аймактык өлкөлөр бири-бирине коркунуч келтирбеген жаңы доорду каалаарын жана адилеттүү тынчтыктын эч кимди уттурбай турганын баса белгиледи.

Последние новости