www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 11-январындагы №5 “Суу ресурстарынын бассейн башкармалыктарын түзүү жөнүндө” токтомун Нарын облусунда ишке ашыруу максатында, ар бир башкы дарыя боюнча бассейндик суу администрациясын жана бассейндик кеңешти түзүү иштери жүргүзүлүүдө.

Аталган токтомго жана Кыргыз Республикасынын Суу кодексинин 11-беренесине ылайык, Нарын–Сыр-Дарыя суу ресурстары башкармалыгынын бассейндик кеңешинин курамы аныкталып, кеңештин мүчөлөрү бүгүнкү чакырылган курам катары каралды.

Ошондой эле жаңы түзүлүп, ишмердүүлүгүн баштаган Нарын–Сыр-Дарыя суу ресурстары башкармалыгынын бассейндик кеңешинин мүчөлөрүн жана төрагасын бекитүү маселеси каралып, мындан аркы иш алып баруу багыттары боюнча кеңешме өткөрүлдү. Соңунда кеңештин төрагасы болуп Нурсултан Калдарбек уулу, ал эми орун басары Байыш Акматов дайындалды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары катышып, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу, тармактагы өз ара кызматташууну күчөтүү жана бассейндик деңгээлде иш алып баруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Последние новости